www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын ОИИБдин туристтик милиция кызматы тарабынан жайкы туристтик сезондо коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу максатында эс алуучу жайларда профилактикалык түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү тургундарга жана чет өлкөлүк туристтерге коомдук тартипти сактоо, жол кыймылынын эрежелерин так аткаруу, жаратылышты таза кармоо, өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо, ошондой эле сууга түшүүдө коопсуздук эрежелерин эске алуу боюнча кеңири маалыматтар берилди.
Мындан сырткары туристтерге өзгөчө кырдаал жаралган учурда ички иштер органдарынын кызматкерлерине же 102 кызматына ыкчам кайрылуу тартиби түшүндүрүлүп, алардын коопсуз эс алуусун камсыздоого багытталган сунуштар жеткирилди.
Нарын ОИИБдин Туристтик милиция кызматы эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча профилактикалык иш-чараларды туристтик сезондун жүрүшүндө мындан ары да улантат.