www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азербайжандагы 8 миң жылдык Гөйтепе археологиялык эстелиги талкаланып жатканы жергиликтүүлөргө тынчсыздануу жаратты.
Бул маселе боюнча Азербайжан Улуттук илимдер академиясынын Археология, этнография жана антропология институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, тарых илимдеринин доктору Анар Агаларзаде бул маселеде негизги жоопкерчилик Маданият министрлиги эмес, казуу иштерин жүргүзгөн археологдорго таандык экенин белгиледи.
«Археолог казуу иштерин баштардан мурда бул эстеликти кийин сактап калууга мүмкүн болобу же жокпу, ошону ойлонушу керек. Эгер мындай мүмкүнчүлүк жок болсо, анда бүт аймакты казуунун зарылдыгы жок», – деди окумуштуу.
Анын айтымында, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө ачык асман алдындагы археологиялык парктарды сактоо үчүн миллиондогон каражат жумшалат. Кийинчерээк бул чыгымдар туризмдин эсебинен акталат. Ал эми Азербайжанда азырынча мындай мүмкүнчүлүктөр толук калыптана элек.