www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайлык окумуштуулар төмөнкү Жер орбитасындагы спутниктерди, анын ичинде Starlink спутниктик системасын иштен чыгара алат деп айтылган жаңы микротолкундуу куралды иштеп чыгышканын билдиришти. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазган.
Маалыматка ылайык, Кытайдын Улуттук коргонуу технологиялары университетинин изилдөөчүлөрү иштеп чыккан система бир нече импульстук микротолкун чыгаруучу түзүлүштөрдөн турат жана кубаттуулугу 100 гигаваттка жеткен багытталган импульстарды жарата алат.
Билдирүүгө ылайык, кубаттуулугу болгону 1 гигаватт болгон импульстар да төмөнкү Жер орбитасындагы спутниктердин жабдууларын бузууга жөндөмдүү. Ал эми жаңы системанын кубаттуулугу мындан бир нече эсе жогору экени айтылууда.
Басылманын маалыматына караганда, жаңы куралдын алгачкы прототиптери буга чейин эле иштелип чыгып, талаа шартындагы сыноолорду өткөрүү үчүн Кытай армиясына берилген.