www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамптын Анкарага НАТО саммитине катышуу үчүн барган учурда кол салуу даярдалып жатканы тууралуу атайын кызматтар ага маалымдаган. Бул тууралуу Израилдин 12-каналы кабарлады.

Маалыматка караганда, атайын кызматтар Иранга тиешелүү байланыш каналдары аркылуу жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдү кармап калышкан.

Билдирүүдө Израиль тарап АКШны Иран тарабынан болушу мүмкүн болгон аракеттер тууралуу алдын ала эскерткени айтылат. Булактардын маалыматы боюнча, Батыштын чалгын кызматтары Түркиянын аймагында болушу мүмкүн болгон кол салуу тууралуу маалымат алгандан кийин, президенттин учагын алмаштыруу чечими кабыл алынган.

Ошондой эле Дональд Трамп өткөн аптада НАТО саммитинен Катар белек кылган жаңы учак менен эмес, эски Air Force One учагы менен учуп кеткендиги айтылган. Булактардын айтымында, бул чечим конкреттүү коркунучтан улам эмес, АКШнын Жашыруун кызматы сунуштаган коопсуздук чараларынын алкагында кабыл алынган.

Последние новости