www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ат-Башынын борборунда гемодиализ клиникасы ачылды

Нарын облусундагы Ат-Башы районунун борборуна жеке менчик гемодиализ клиникасы ачылды. Бул тууралуу район акиминин орун басары Динара Жунусова билдирди.

Анын айтымында, клиниканын иштей баштаганына беш күн болду. Ички шарттары заманбап талаптарга жооп берип, бардык керектүү жабдыктар менен камсыздалган.

--"Мындай демилгени Ат-Башыдан чыккан жеке ишкерлер Адыл Кудайбергенов жана Рустам Карыбековдор колго алган. Алар эски имаратты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, Германиядан жети АИП (жасалма бөйрөк) аппаратын алып келип орнотушкан. Гемодиализ алууга муктаж бейтаптардын дарылоо акысын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду төлөп берет. Бейтаптар күн алыс ар бири төрт саатка чейин дарыланып, акысыз тамактана алышат", - деди Жунусова.

"Диа Парк" деп аталган клиникада эки жогорку билимдүү дарыгер, эки медайым, эки санитардык кызматкер жана бир ашпозчу эмгектене турганы айтылат.

Ат-Башы районунда бөйрөк оорусу менен жабыркап, гемодиализге муктаж 10 бейтап бар. Алар буга чейин дарылануу үчүн Нарын шаарына барып турушкан.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости