www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ата-баланын 7-апрель окуясына берген баасы. Баласы атасынын жүзүн сыйрып салыптыр...деген пикирин белгилүү журналист Наралы Асанбаев билдирди. Ал өз сөзүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен уулу Сейит Атамбаевдин пикири менен толуктаган. 

ЗАЯВЛЕНИЕ Алмазбека Атамбаева от 7 апреля 2020 года

Дорогие соотечественники!

Сегодня десятилетие Апрельской народной революции. 7 апреля 2010 года кыргызстанцы свергли кровавый и преступный антинародный режим. 86 кыргызстанцев погибли в тот день, сотни получили ранения и десятки из них скончались от ран за прошедшие 10 лет. Подвиг кыргызстанцев, отдавших жизнь за светлое будущее своей страны, станет примером беззаветного служения своей стране, народу и будет вдохновлять новые поколения граждан нашей страны. Ценой человеческих жизней и жертв, народ Кыргызстана начал свой путь к построению демократического общества, свободного от диктатуры и произвола властей. 7 апреля народ вышел на борьбу за свободу и справедливость. Народ выступил против угнетения и рабства. Народ вышел, чтобы сказать твердое “Нет!” реставрации Кокандского ханства. Кыргызстанцы доказали свою готовность умереть стоя, чем жить на коленях. Народ нашей страны никогда не забудет тяжелых последствий семейно-клановых режимов. Именно поэтому власть в Кыргызстане должна следовать проверенной веками народной мудрости о том, что «у честного правителя нет родственников, а у родолюбивого – нет чести и совести!» Именно 7 апреля 2010 года наш гордый народ открыл путь к свободе и справедливости. С праздником дорогие кыргызстанцы!

Сейтек Атамбаев: 7-апрель кыргыз элинин үмүтүбү же күйүтүбү?

Бүгүн, Элдик революциясына 10 жыл. 2010-жылы өз элин тезек тердирткен үй-бүлөлүк, кландык башкарууга жана бийлик мамлекетибиздин төрт бурчун бекем кысып, баардык системаны өз чөнтөк киреше булагы катары иштеткенине чыдабай эл каршы чыгып, 87 эр-азаматтар окко учураган. Канчасы инвалид болуп калды... Бүгүн биз 10 жылдыкты белгилемекпиз, балким шаан-шөкөт менен. Жараткан Аллах деле калыс окшойт. Мамлекетибизде эч нерсе өзгөрбөгөнүн көрүп, бул 10-жылдык майрамдык датаны дал ушул карантинге алып келип кептеди. 7-апрель Бакиевдин чөөлөрү өлкөбүздү тоноп, кайра башка беткап кийип келген күн, Убактылуу өкмөттүн күнү, мородерлордун күнү, кызыл өңгөчү чоң жансакчылар, шопурлар бийликке келген күн, банк ячейкаларын тоногон каракчылардын күнү, эл шайлабаган президент келген күн, эл сыздаган күн! Дүйнө тарыхын карасаң, революциядан кийин өзгөрүү келет. Бизде келген жок. Анан кантип биз майрамдайбыз? Кантип биз 87 мерт кеткен эр-азаматтарга арнап иш-чара өткөрөбүз? Кантип биз башкаларга мактанабыз? Кайсыл арыбызга? 10 жылда эмне өзгөрдү? 120 депутатты сатып ала албайсың делген Конституция жоголду, шоопур-жансакчылар бийликтин башында турушту, жаштарыбызга татыктуу билим бере албадык, саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрбөдүк, аскерибизди тыңытпадык, чек-ара маселелерин чечпедик, пенсия-пасобияларды жарытып бере албадык, айлык-маяна колго алаарлык эмес жана башка маселелер көп. 120 эмес 240 депутат болсо дагы сатып ала турган Конституция экендигин билип отурабыз. Булардын эмне кереги бар? Бир мандаттуу 75 орундук Парламент жетишмек. Өз районунан, айылдарынан чыккан эр-азаматтар келгени элге пайда алып келмек беле дейм. Коронавирус эле биздин ким экенибизди аныктап койду! Бүгүн Кыргызстаныбызга мобилдүү өкмөт керек экендигин азыркы кырдаал айтып турат. Каалайбызбы, каалабайбызбы башкача кадамдарга барып, биз өнүгүү үчүн жол куруубуз керек. Буйруса элибиз, жерибиз аман болсун! Аллахыбыз бөөдө кырсыктан сактап, башыбызга түшкөн сыноолорду жеңил кылсын, -деген Сейтек Атамбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости