www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ата-энелер эгиздерине “Садыр, Камчыбек” – деп ат коюшту

Бишкек шаарында ата-энелер эгиз уулдарына “Садыр, Камчыбек”- деген ысым ыйгарышты. Бул тууралуу алардын кошунасы Айгерим Болот кызы билдирген.

Анын айтымына караганда, учурда эне менен наристелердин абалы жакшы.

«Эгиз уулдардын салмагы 2 килограмм 700 граммдан. Алар бүгүн, 15-ноябрь күнү саат 08:00 чамасында №4 төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келишти. Эгиздер ата-эненин төртүнчү балдары.

Кошунамдын жакын туугандары кеңешип уулдарына Садыр, Камчыбек деген ат коюшту. Алар түндүк менен түштүктү бириктирген, элине тынчтык орноткон, элге күйгөн уулдардан болсун деп ушул атты тандашыптыр.

«Кошунам 10 жылдан бери батирде турат, алар Ысык-Көл облусунун Кожояр деген айылынан болушат», — деди кошунасы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости