www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин кеңешмесин өткөрдү, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө министрликтердин жана административдик ведомстволордун жоболору каралып, бекитилип, ведомстволордогу башкаруу схемалары шайкештикке келтирилди.

Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Атап айтканда, ал мамлекеттик органдардын көмүргө болгон бааны төмөндөтүү жана калкты көмүрдүн жетиштүү көлөмү менен камсыз кылуу, ошондой эле күйүүчү-майлоочу майлар менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселелери боюнча ишти күчтөндүрүү зарылдыгын белгиледи.

Министрлер кабинетинин башчысы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги астында борбордогу ыш маселесин көтөрүп, муниципалитет менен биргеликте экологиялык маселелерди чечүүдө ишти күчтөндүрүүнү тапшырды.

Айыл чарба министрлигине келерки жылдын январь-февраль айында өлкөдөгү жазгы талаа иштерине карата күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо, ошондой эле сугат суу маселесин чечүү боюнча ишти баштоону тапшырды.

Акылбек Жапаров кеңешменин жүрүшүндө мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү шайлоонун үгүт процессине кийлигишпестиги тууралуу дагы бир ирет эске салды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости