www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, Бишкек шаарындагы ЖЭБ–2 (ТЭЦ) жанында пайда болгон конуштун жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин, 2021-жылдын августунда мамлекет башчысы стратегиялык объектте болуп, андан соң жергиликтүү тургундар менен жолугушкан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ТЭЦ-2нин айланасындагы тилкелерди трансформациялоо, социалдык объектилердин курулушу жана башка көйгөйлөр боюнча маселелерди көтөрүшкөн.

Ал билдиргендей, электроэнергия менен көйгөйдү чечүү үчүн ЖЭБ – 2 стратегиялык объектисин 2022-жылдын соңу, 2023-жылдын ортосунда ишке киргизүү пландалууда.

Мамлекет башчысы Кыргызстан дарыялардын башында турганына карабай, бүгүнкү күндө коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттоого аргасыз болуп жатканын эске салды.

Ал электроэнергиянын тартыштыгына байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн мамлекет кошумча ТЭЦ жана кичи ГЭСтерди курууну пландап жатканын айтып берди.

Тилкелерди трансформациялоого байланыштуу президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетине тийиштүү тапшырма берди.

«Ушул жуманын аягына чейин министрлер кабинетинин токтому чыгып, андан кийин энергетиктер башка бардык процедураларды бүтүрүп, андан соң кызыл китептерди чыгаруу башталат», - деди ал.

Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө ТЭЦ – 2 жанындагы конушту Бишкек шаарынын курамына киргизүү жөнүндө маселени чечүү тапшырылды.

Мамлекет башчысы ТЭЦ – 2 жанында пайда болгон конуштун тилкелерин тараснформациялоо маселеси узак жылдардан бери чечилбей келгенин белгиледи.

«Бул мурунку бийликтин жылдар бою чечилбей келе жаткан каталары. Аларды акырындык менен чечебиз. Мындай көйгөйлөр жер маселеси боюнча эле эмес, бардык тармактарда бар. Мисалы, министрликтерде, ведомстволордо, аймактарда, тоо-кен өнөр жайларында жана башкаларда», - деди ал.

Аны менен бирге, мамлекет башчысы мындан ары жер басып алуу деген түшүнүк болбой турганын баса белгиледи.

«Эгер кимдир бирөө мындайга батынса, аны мыйзамды бузгандыгы үчүн дароо кармашат», - деди ал. Ошондой эле жарандардын турак жай маселесин чечүү үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын саясаты толук өзгөртүлүп, квартираларды жана үстөк пайызы төмөн насыяларды берүү башталганын кошумчалады.

«Муктаж болгондор турак жайды ипотека менен 10, 15, 25 жылга алуусу үчүн кийинки жылга Мамлекеттик ипотекалык компаниянын программасын ишке ашырууга 5,5 млрд сом бөлөбүз. Батирлерди облустарда, райондук борборлордо беребиз. Облус башчылары, мэрлер, акимдер бул багытта иш алып барып, бул маселени көзөмөлүнө алышат», - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Жергиликтүү тургундар менен жолугушууда президент Садыр Жапаров күз-кыш мезгилиндеги көмүрдүн баасын чечүү боюнча министрлер кабинетине тапшырмалар берилгенин белгиледи. Анын айтымында, бүгүн-эртең борбордо анын баасы сезилерлик төмөндөйт.

Жергиликтүү тургундар көптөн бери чечилбей келген көйгөйлөрүнүн чечилгенине ыраазычылыктарын билдиришти. Алардын айтымында, буга чейин алар 16 жылдан бери ар кайсыл органдарга кайрылып, бирок маселе чечилген эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости