www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандан качып кеткен кыз-жигит Кыргызстандан табылды

Үйлөрүнөн качып кеткен казакстандык кыз-жигит Кыргызстандан табылды, деп билдирди 7-апрелде Полиция.кз (Polisia.KZ) басылмасы.

23-мартта Казакстандын Тараз шаарынын 45 жаштагы тургуну полицияга кайрылып, 17 жаштагы уулу дайынсыз жоголгонун билдирген. Өзүнүн айтымында, баласы 23-мартка караган түнү үйдөн чыгып кеткен. Ошондой эле өспүрүмдөн өз ыктыяры менен үйдөн кеткени тууралуу билдирүү келген.

Өспүрүмдүн апасы уулунун жанында уюлдук телефон, темир сатып тапкан кичине акчасы бар экенин билдирген.

Ыкчам издөө иштеринин алкагында өспүрүмдүн качып кетишине 16 жаштагы сүйүктүүсүнүн айынан келип чыккан үй-бүлөлүк чыр себеп болгону аныкталды. Өспүрүмдүн ата-энеси уулуна сүйүктүүсү менен сүйлөшүүгө тыюу салган, ошондуктан кыз-жигит чогуу качып кетүүнү чечишкен.

Сүйүшкөндөр тууралуу маалыматтар бардык полиция бөлүмдөрүнө жөнөтүлгөн. Эки күндөн кийин Кыргызстандын милициясы сүйүшкөндөрдү темир алуучу жайдан табышкан. Өспүрүмдөр темир өткөрүп жан багып келишкен.

Кыз-жигит аларды эч ким тааныбашы үчүн чачтарын кара түскө боёп алышкан.

«Өспүрүмдөрдүн абалы жакшы, жашоолоруна коркунуч жок. Учурда алардын мыйзамдуу өкүлдөрү Кыргызстанга жөнөп кетти. Тергөө уланууда», - деп билдирди Полиция.кз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости