www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бабановдун ийгиликтүү бизнесмен экенин эч ким деле танбайт. Бирок миллиардаган бул байлыктарды маңдай-тери менен тапканбы? Кеп ушунда. Ушул байлыктарынын көбү кимдир бирөөлөрдү сыздатып алардан тартып алган мүлктөрү болуп жүрбөсүн? Анда кимдер менен тартып алат:

Биринчиден, Өмүрбек Бабанов «мыйзамдагы ууру» эмес, мамлекеттик чоң кызматтарды аткарып келе жатат. Эгерде ал «мыйзамдагы ууру» болсо криминалдык жол менен байыды деп эч ким деле таназар алмак эмес. Бирок ал мамлекетик жогорку даражадагы кызматкер катары байып жатса, демек элдин энчисинен «ээмп» байыганы.

Экинчиден, Өмүрбек Бабанов ким бийликке келсе да ошону карап сайрап «күн тийген жердин күкүгүнө» айланган. Ал президентке же президенттин балдарына таянып алып, өсүп-өнүгүп бара жаткан кыргыз ишкерлерин «муунтуп», мүлктөрүн рейдерлик жол менен тартып алганы көп эле учурайт Эмнегедир кыргыздар байышса эле түрмө жыттанып турат...

Үчүнчүдөн, аны «Граф» сыяктуу дүйнөлүк деңгээлдеги «мыйзамдагы уурулар» колдоо көрсөтүп келишкен. «Графтын» көзү өткөн соң Өмүрбек Бабановдун мурункудай ал-деми калбай калды. Ал Кыргызстанды өзүм билем деп чамынгандан алыстап, саясатты жыйыштырып биротоло бизнеске бет ала тургандай болуп жатат. Деги «Граф» көзү өткөн соң Өмүрбек Бабановго эмне мурас калтырды болду экен? Ал эми өзү туулуп өскөн Кыргызстанга эч нерсе деле мурас калтырбаганы белгилүү. Болбосо эмгиче жайнаган мүлктөрүнүн ичинен «Граф» бир бала бакчаны мамлекетке ыйгарыптыр деген кеп болмок. Башкасын коёлу, кыргызстандыктар көзү өтсө да өз капчыгын ойлошот өз капчыктарын гана ойлошот, Кыргызстанды ким ойлоп жатыптыр. Бул тууралуу Элвира Сурабалдиеванын агасы Кудайбергенов тууралуу өзүнчө сөз кыларбыз.

Эскертме үчүн айта кетели, “Жерүй” кенинин 40%ы Орусия жараны Муса Бажаевге, 40%ы түбү токмоктук, Орусиянын жараны маркум «Графка» же Алижан Ибрагимовго, 20%ы Өмүрбек Бабановго тиешелүү, мамлекеттин үлүшү нөл. Орусиялык президент Владимир Путиндин онлайн аркылуу “Жерүй” кениндеги комбинатты ачышынын себеби ушундай. Орусиянын үлүшү 80 пайыз болуп турса, “Жерүй” кенинен көлөмдүү канадалыктарга тиешелүү “Кумтөр” тууралуу ооз ачпаган Орусия жана орус эли үчүн патриот Путин чыгары бышык. “Башкасын коюп Манасты айт” - демекчи, Талас жеринин жана элинин ирдүү экологиялык келечеги байланган “Жерүй” кенинин орусиялык “Альянс Алтын” компаниясына сатылышына Өмүрбек Бабановдун тиешеси бар, убагында “Восток- Геолдобыча” компаниясынын президенти Муса Бажаев менин досум дегени жана «Жерүй» кенинде бул арзыматтын кызыкчылыгы бар экени бүгүнкү күндө тастыкталып жатат. Бир кездеги “НК Альянс” май куюуучу заправкалар түйүнү, Муса Бажаевге жана Өмүрбек Бабановго тийиштүү болгону карапайым калктын эсинде. Бул тууралуу Өмүрбек Бабанов өзү да: “Бажаев менин досум, “НК Альянс” экөөбүздүкү”, - деп ачык эле айтып жүргөн.

Ал эми өзбектерде башка. Мураскери жок экенин баса белгилеп, өзбек миллиардери Алишер Усманов жыйган-терген миллиардаган доллар мүлкүн Өзбекстанга мураска калтыра турганын жарыялады. Алишер Усмановдун айтуусунда анын жакын туугандары бардыгы бардар адамдар, ошондуктан ач көздөнүп, анын мурасына суктанышпай өз алдынча жашай беришет. Ал эми ал байлыгын Кайрымдуулук фондуна калтырып кетүү тууралуу кудай алдында ойлонуп көрүүнү чечти. Алишер Усманов, илимди, искусствону өнүктүрүү боюнча тарыхий ата-мекени Өзбекстанда абдан зарыл болгон фонддорду түзүп, болгон акчасын Өзбекстанга жумшамак болду.

MEDIA булагынын маалыматы боюнча өлкөдөгү эң бай адамдардын сап башында мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов турат. Анын жеке байлыгы 1.7 -1. 9 млрд. АКШ долларын түзөт.

Экинчи сапта жеке ишкер Аскар Салымбеков. Анын байлыгы 1.4 млрд. –1.6 млрд. АКШ доллары.

Үчүнчү орунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев турат. Анын 1.2 млрд. АКШ долларлык мал-мүлкү бар.

500-700 миллион АКШ доллары менен Нариман Түлеев төртүнчү сапка илинген

2010-жылдын июнь окуясына айыпталып, чет өлкөгө качып кетип, ал жерден ажал тапкан Кадыржан Батыров өзүнүн 450-600 миллион АКШ доллары менен бешинчи сапта.

Кыргызстанды Орусиянын курамынан көргүсү келген жеке ишкер Сан Борис 400-550 миллион АКШ доллары менен алтынчы орунда.

Андан кийинки сапта Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бурканов Арзыбек турат. Анын байлыгы 450-500 миллион АКШ долларына барабар.

Мурдагы өкмөт башчысы Сатыбалдиев Жантөрө 450-500 миллион АКШ доллары менен сегизинчи орунда.

Мурдагы депутат, убагында Бишкектин казинолорунун ээси Роман Шиндин куржунунда 400-500 миллион долларлык мал-мүлкү бар.

Мурдагы депутат Маманов Рустамдын 400 – 500 млн. АКШ долларлык байлыгы бар.

Андан кийинки саптарда эл өкүлдөрү мурдагы вице-премьер-министр, учурда качып жүргөн Аскарбек Шадиев, Абдыкеримов Шаршенбек, Акылбек Жапаров, Кубанычбек Жумалиев, Динара Исаева, Элвира Сурабалдиева, Иса Өмүркулов, экс-депутаттар Кубатбек Байболов, Марат Султанов, июнь коогалаңына айыпталган мурдагы депутат Алишер Сабиров, мурдагы депутат түбү уйгур Салимов Турсунтайлар бар

Булардын ар биринин байлыгы: болжол менен 200-400 миллион АКШ долларлык.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости