www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ата-эненин балага сөзсүз айтышы керек болгон 11 нерсе

Балаңыздын бала бакчага барардан мурда айрым этикага байланышкан көндүм-адаттарды билиши маанилүү. Бул боюнча сиз айта турган 13 кеңешти сунуштайбыз.

Этикага байланышкан адаттарды эрте жаштан үйрөтүү, бала үчүн чоң мааниге ээ. Ал баланын акыл-эс өнүгүүсү жана башкалар менен байланыш түзүүдө өзүнө болгон ишенимин арттыруу үчүн керек болот. Баланын социалдык жана аң-сезимдик жактан өнүгүүсү анын физикалык өнүгүүсү сыяктуу эле маанилүү. Ата-энелер мындай өнүгүүгө дагы маани берип, аларга керектүү жөндөмдөрдү үйрөтүүчү факторлорду билиши керек.

  1. Сени жакшы көрөм. Эртең менен күндү балаңызга аны канчалык жакшы көрөөрүңүздү айтып, бетинен өбүү менен баштаңыз. Экөөнүн бирөөнү колдонсоңуз деле болот. Жөнөкөй эле адат экендигине карабастан, бала үчүн абдан керектүү нерсе. Сиздин сүйүүңүз аны тынчтандырат.
  2. Күнүң кандай өттү? Баланын күнүмдүк кылгандарына маани бергениңиз пайдалуу көрүнүш.
  3. Сураныч. Балаңыздын тарбиялуу болушун кааласаңыз, бир нерсе сураарда алгач өтүнүч менен суроону үйрөтүңүз.
  4. Рахмат & эч нерсе эмес. Адептүү бала тарбиялоо үчүн ага рахмат айтуу менен өтүнүчтүн маанисин үйрөтүшүңүз керек болот. Туулган күнүндө алган белек үчүн рахмат айтпастан дароо белекти ачып жатканында “рахмат айыш керек, ээ” деп эскертиңиз. Бул аны уялтышы мүмкүн, бирок кийин унутпай калат.
  5. Артка жол жок. Бала чоңойгондо биз сыяктуу жашоо жарышына катышат. Андай болсо, кыйынчылыктар менен беттешүүнү эмнеге азыртат үйрөтпөйсүз? Аларга максатка жетүү жолунда туруктуу жана сабырдуу болуу керек экендигин үйрөтө баштаңыз. Муну менен катар, чогуу табышмак табуу сыяктуу логикалык оюндарды ойноңуз. Ал балаңыздын акылын кеңейтип, кыйынчылыктарга чыдамдуу болууну үйрөтөт.
  6. Сен уттуң. Стимул берүүчү сөздөр ар дайым өзүнө болгон ишенимди арттырат. Кичинекей жеңиштер болсо да анын жеңгенин айтып туруңуз. Ал балаңызга ийгиликтин даамын тата билүүнү үйрөтүп, келечекте ийгиликтүү болуусуна түрткү берет.
  7. Смс жаз. Ата-энелер дайыма балдары үчүн сар-санаа болушат, бул нормалдуу көрүнүш. Бул санааны жүрөк оорусуна айлантпаш үчүн балага уюлдук телефон алып берүү туура чечим. Бара турган жерине жеткенинде “жеттим” деп айтуусун үйрөтүп, санааңызды азайтыңыз.
  8. Бул сенин тандооң. Бала чоңойгон сайын чыгарган чечимдери жана анын жыйынтыгына өзү жооптуу экенин үйрөтүңүз. Бир нерсе тууралуу чечим чыгарарда тандоону ага берип, өзүнө ишенүүсүн шарттаңыз.
  9. Досторуң кандай? Балдарыңыздын айланасында кандай адамдар бар экенин, досторунун ким экени тууралуу дайыма кабардар болуңуз. Мындай жашта бала таасирди ар жактан алышы мүмкүн. Жакшы же жаман мүнөздүү болушу айланасындагы досторунун мүнөзүнө түздөн-түз байланышат.
  10. Тамакты ысырап кылба. Балдар жакшы көргөн нерселерин жегиси келет, бирок ал нерселердин көбү ден соолукка зыян. Бул боюнча жакшылап түшүндүрүп, пайдалуу нерселерди жегенге кичинесинен үйрөтүү кажет.
  11. Чындыкты айт. Балага чынчыл болуунун маанисин түшүндүрүңүз. Адатта балдар ата-энесинен көп нерсени жашырууга жөндөмдүү келишет. Сиз ага чындыкты айтуунун маанисин түшүндүрүп, аны алгач өзүңүздөн баштаңыз. Ошондо бала кичинекей сырларын бөлүшүп башташы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости