www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кандай учурларда балдар ата-энесинен ажыратылат? Бул суроого Юстиция министрлигинин бөлүм башчысы Бобурбек Саидбеков Ташкентте өткөн “Балдарды зордук-зомбулуктун бардык түрүнөн коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланып жатканда жооп берди.

«Эгерде ата-эне баласынын ден соолугуна зыян келтирип жатса, аймактык башкаруу органдары документ түзүп, камкордукка алуу органдарына кайрылып, 7 күндүн ичинде баланы алып кете алышат. Болгону ал тууралуу прокурорго маалымат бериши керек. 7 күндөн кийин доо арыз менен сотко кайрылып, ата-энелик укуктан ажыратууну талап кыла алат», - деди Саидбеков.

“Балдарды зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүнөн коргоо жөнүндө” мыйзам долбооруна ылайык, эми жакындары тарабынан кордук көргөн балдарга коргоо ордери берилиши мүмкүн. Балдарды ата-энесинен алып кеткенде кайда барат?

«Биринчи кезекте баланы баланын кызыкчылыгына ылайык шарт түзүп бере ала турган атасына же апасына жайгаштыруу керек. Анткени зордук-зомбулук болгон учурларда дайыма ата да, апа да күнөөлүү эмес. Эгерде бул мүмкүн болбосо, анда бала туугандарына же балага кам көрүү каалоосун билдирген башка адамга берилет. Бул мүмкүн болбогон учурда адамдарды ыйгарым укуктуу органдын кароосуна же жабырлануучуларга жардам көрсөтүү боюнча атайын борборлорго жайгаштыруу боюнча чаралар көрүлөт. Баланын ден соолугуна зыян келтирилген учурда медициналык мекемелерге жана социалдык-укуктук жардам көрсөтүү борборлоруна жеткирилет», - дейт Бобурбек Саидбеков.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда акыркы үч жылда 1000ден ашуун жаран ата-энелик укугунан ажыратылган.

Хулкар Муртазаева, Ташкент

Последние новости