www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Палестина мамлекетинин түзүлүшүнө байланыштуу резолюцияларынын Израиль-Палестина жаңжалы бүтөөрү менен аткарылышын талап кылды.

Лавров Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин орус басма сөзүнө билдирүү жасады.

Жыйында Израиль-Палестина жаңжалынын талкууланганын белгилеген Лавров, КМШга мүчө мамлекеттердин кагылышуулардын токтотулушун жана сүйлөшүүлөрдү жактай турганын билдирди.

Сергей Лавров: "Бул жаңжал бүтөөрү менен Бириккен Улуттар Уюму тарабынан бекитилген принциптерге негизделген Палестина мамлекетин түзүү боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын ишке ашыруу үчүн ар бир адам олуттуу жоопкерчиликти алат деп үмүттөнөбүз", - деди.

Последние новости