www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израил менен ХАМАСтын ортосундагы жаңжал башталгандан бери Газа тилкесинде жашаган 338 миңден ашуун палестиналык үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бул тууралуу БУУнун гуманитардык маселелерди координациялоо бюросу билдирди.

Уюмдун маалыматына караганда, 2,3 миллион киши болгон аймактагы жер которгондордун саны шаршемби күнү кечинде (11-октябрда) 75 миңге көбөйүп, 338 934кө жеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, Израил тарабынан 1300, Газа секторунан 1200 адам набыт болгон. 10-октябрда Израилдин Коргоо министрлиги кеңири масштабдагы чабуул тууралуу жарыялады.

Израиль-Палестина чатагы

Үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында эртең менен Газа тилкесинен Израилдин аймагына ракеталык чабуул башталган. Кийинчерээк Хамас Израилге каршы “Аль-Акса Топон” аскерий операциясын баштаганын жарыялады. Буга жооп иретинде Израилдин коргонуу күчтөрү «Темир кылычтар» «антитеррордук операциясын» баштаган.

Андан соң премьер-министр Биньямин Нетаньяху израилдиктерге кайрылып, өлкөдө болуп жаткан окуялар аскердик операция эмес, толук кандуу согуш экенин билдирди. 9-октябрда Израилдин коргоо министри Йоав Галант Израил армиясы Газа тилкесин масштабдуу блокадага кирип жатканын билдирди. Анын айтымында, Газа тилкесинде электр жарыгы, тамак-аш, күйүүчү май болбойт, баары жабылат.

Израил Газа тилкесиндеги Аль-Ярмук, Аль-Амин Мухаммад, Ахмед Ясин, Мухаммад Эль-Хабиб, Эс-Суси жана Аль-Гарби мечиттерине да сокку урду. Бул аралыкта Америка Кошмо Штаттары Газа тилкесин курчап турган чыңалуудан улам "Иранды чектөө үчүн" Жакынкы Чыгышка кошумча 20-25 F-35 жана F-15 согуштук учактарын жөнөтөрү белгилүү болду. Ал эми Германия Палестина аймактарындагы гуманитардык долбоорлорго мурда бекитилген каражаттарды бөлүүнү токтотту.

Венесуэланын президенти Николас Мадуро Израилди Палестинанын элин өлтүргөн деп айыптап, тынчтык сүйлөшүүлөрүн тез арада баштоого жана Палестинанын аймактык укуктарын кепилдеген БУУнун резолюцияларын аткарууга чакырды. Орусиянын президенти Владимир Путин да көз карандысыз суверендүү Палестина мамлекетин түзүү зарылдыгын белгиледи. Ал ошондой эле Израил менен ХАМАСтын ортосундагы куралдуу кагылышууну АКШнын саясатынын ийгиликсиздигинин ачык мисалы деп атады. 

Последние новости