www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Франциянын  1,5 миллион алжирдикти алжирдик жана мусулман болгону үчүн жок кылгандыгын айтты. Бул тууралуу трт.нет билдирди. 

Илхам Алиев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн чалгындоо жана улуттук коопсуздугунан жооптуу мекемелеринин жетекчилерин кабыл алды. 

Кабыл алууда сөз сүйлөгөн Алиев батышта айрым өлкөлөрдүн өз жерлерин бошоткон Азербайжанды "оккупант", Азербайжан жерлерин  көптөгөн жылдардан бери басып алган Арменияны "курмандык" катары көрсөтүү аракети ичинде экендигин, бул иште Франциянын  алдыда экендигин айтты. 

Франциянын президентинин Азербайжандын эл аралык укукту бузгандыгы тууралуу сөздөрүнүн күлкү келтирерлик деп мүнөздөгөн Алиев буларды айтты : "Франция  1,5 миллион алжирдикти алжирдик жана мусулман болгону үчүн жок кылды. Бул кыргын. Франциянын Африкада жана дүйнөнүн башка аймактарындагы кандуу кылмыштарынан  сөз кылган жокмун. Франциянын бүгүнкү күндө да колонияларынын бар экени түшүнүксүз. Кээ бир Африка өлкөлөрү бүгүн канчалык аракет кылышса да кутула албаган бул өлкө бизди эл аралык мыйзамдарды бузуп жатат деп айыптоодо. Бул абсурд».

Айрым өлкөлөрдүн Азербайжан менен Армениянын ортосунда ортомчу болууну каалагандыгын айткан Алиев : "Алдын ала шектенүүсү болбогон ортомчуларды кабыл алабыз. Бирок бардык дипломатиялык эрежелерди бузган, акаараттарды камгынан  билдирүүлөрдү, провокацияларды жана жалгандарды айткан Франциянын ортомчулук аракеттери  логикага туура келбейт. Бизге андай ортомчунун кереги жок",- деди. 

Азербайжан  Армения менен карым  - катнаштарын калыбына келтиришине даяр экендерин баса белгилеген Илхам Алиев : "Тынчтык келишими боюнча иштөөгө даярбыз. Эгерде Армения Россиянын ортомчулугун четке кага турган болсо Азербайжан жана Армениянын тышкы иштер министрлеринин ортосунда түздөн түз  сүйлөшүүлөрдүн бир альтернатив боло аларын ойлоп жатам",- деди. 

Последние новости