www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчыбек Көлбаевди атып өлтүрүшкөндөн кийин бийликчил ЖМКлар Өмүрбек Суваналиевге чыгышып, жарыша маек алышып, колдоо сурагандай түр көрсөтүштү. Муктаждык жаралганын байкатып коюшту. Күч органдарында иштеп кеткен аттуу-баштуулардын көпчүлүгү ой-пикир айтуудан жаа бою качышса керек.

Бул жагынан “Комиссар Каттани” башынан кандай принцип менен келатса, ошого жараша уюшкан кылмыштуу топторго карата туруктуу оюн айтып, анык “кызыл” экенин көрсөттү. Өмүр бою “караларга” принципиалдуу түрдө каршы турганын бекемдеп, бир топ суроолорго жооп берди. Мына ушундай ыңгай бийлик үчүн керек экени байкалды.

Себеби, генерал Суваналиевден башка бул чөйрөнү терең талдай турган абройлуу фигуралар деле жок тура. Байкалып калды. Кандайдыр бир кырдаалдан чыгуунун күнгөй-тескейин аңдап алууга да жетиштик.

Ошентип, кыйчалышта Өмүрбек Исаковичке күн түшүп атса, уялбай эле коопсуздук кеңешинин катчылыгына чакырып, бийликтин абрюн көтөрүүгө, эл үчүн кызмат кылууга пайдаланбайсыңарбы? Эртең кеч болуп кала электе... - дейт "Азия Ньюс" гезити.

Последние новости