www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Клара Ажыбекова NazarNews маалымат агенттигине Россия азыр жалгыз Украина менен күрөшүп жаткан жок! Ал батыштын 56 мамлекети менен согушуп жатат деген пикирин билдирди.

— Россия улуу держава, территориясы кенен, табигый байлыгы өтө эле көп. Бирок эң чоң байлыгы- бул эли. Совет эли, улуу Ата-Мекендик согушта Гитлердин фашизмин жеңген эл!  Россиянын армиясы фашизмге каршы көтөрүлдү.  Башынан эле Украина АКШ менен НАТОнун кол алдында иштеп келген! Украинанын бийлик башындагылары Зеленский президенти баш болуп баары чыккынчылар.

— Демек, Путин жалгыз калды десек болобу?

— Россия азыр жалгыз Украина менен күрөшүп жаткан жок! Ал батыштын 56 мамлекети менен согушуп жатат! В.В.Путин эң кыйын лидер! Жалгыз өзү коркпой да, шашпай да батыш мамлекеттериндеги коллективдүү фашизм менен күрөшүп жатат! Жакында жеңет!

Орто Азия ушундай мезгилде сөзсүз РОССИЯ менен болушу керек. Биздин миңдеген жыл бирге жашообуз бар, Советтер Союзунда дагы биз бир болгонбуз! Баардык Орто Азия мамлекеттерин өстүрүп өндүргөн, керек болсо бийликке алып келген! Азыр дагы уул-кыздарыбыз 1-2 миллиондоп Россияда жакшынакай иштеп жатышат!

— Жакында тынч жашоожон үмүт кылсак болобу?

— Жакында Советтер Союзу кайра жаралат, социализм келет! Баардык СССРге кирген мамлекеттер суверенный эмес эле торговый фирмаларбыз, ар кайсы АКШнын штаттарында каттоодон өткөн! Эгер ушинтип жүрөберсек Британиянын “протектораты” болобуз! Ошон үчүн чыныгы суверенитетибизди алып келишибиз керек! Россия - Советтер Союзунун мураскери.

—  Дүйнө жүзүнүн абалы кандай болот?

— Дүйнө жүзү экологиялык кризистен жок болгону турат! Империалистик система баардык сферада кризис болуп өзүн өзү өлтүргөнү олтурат! Аны токтотуш үчүн дүйнө жүзүнө социализм келиши керек. Ошонун башына бүт цивилизацияны сактап калыш үчүн В.В.Путин келет. Дүйнө жүзүндө кординалдуу өзгөрүүлөр болот.

— Рахмат!

Эске сала кетсек, Клара Ажыбекова философ, философия илимдеринин доктору (1991), профессор (1993). Кыргызстан коммунисттер партиясынын мүчөсү.

1970-ж. КММИни врач-педиатр адистиги боюнча бүткөн.

1973-ж. аспирантураны бүткөндөн кийин КМУда окутуучу, улук окутуучу, 1978-жылдан КММИнин философия кафедрасында доцент, 1983-жылдан Кыргызстан КП БКнын лектору, 1989—90-ж. КПСС БКнын коомдук илимдер академиясында докторант, 1990—91-ж. Саясий агартуу үйүнүн башчысы, Кыргызстан КП БКнын идеология бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Кыргызстан КП БКнын Политология жана социалдык башкаруу институтунун ректору, 1991-ж. августтан республиканын Министрлер кабинетинин Башкаруу институтунун укук жана психология кафедрасынын башчысы, 1992—95-ж, Бишкек гуманитардык университетинин философия кафедрасынын башчысы, ошол эле мезгилде 1993-жылдан ушу күнгө чейин Кыргызстан-Орусия славян университетинде психология жана философия кафедрасынын профессору.

Ажыбекова диндин философиясы жана илим менен техниканын философиясы боюнча адис.
Эмгектери коомдун чыңалуу учурунда жаштардын динчилдик механизмин изилдөөгө, илимий-техникалык революция шартында адам экологиясынын философия маселелерин иликтөөгө арналган.

70тен ашык илимий эмгектин (анын ичинде 7 монография — өзүнүкү, 3 окуу куралы — авторлош) автору. 1992-жылдан Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, "Союз жана Кыргызстандагы элдердин боордоштугу үчүн" кыймылынын координациялык советинин төрайымы. Аялдардын Бүткүл дүйнөдөгү тынчтыкты жактаган эл аралык федерациясынын төрагасынын орун басары.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости