www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Чынгыз Ажибаевдин атасы кылмышкерлер чөйрөсүнө «Дед Хасан, прокурор» ысымдары менен таанылган кримчөйрөнүн адамы. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда Раззаков шаарынын 1964-жылы туулган тургуну Ажибаев Ильяскожо Рахманбердиевичти да кылмыштуу топтон баш тарттыруу иштери жүргөнү айтылды.

 Ноокат районунун Герей-Шерон айылынын 1980-жылы туулган тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы криминалдык топтун башчысы делип жүргөн Малабаев Гүлжигит Карабаевич кылмыштуу топтон баш тарткан. Ал 2019-жылдан бери «Женго» каймана аты бар Кадыр Досонов уюштурган кылмыштуу топтун мүчөсү катары Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгында каттодо турган. Ушул жылдын 23-сентябрында курал-жарак, ок-дарыны, баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган. Учурда Ош шаарындагы №25 тергөө абагында сурак берип жатканы айтылды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости