www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мушташ: Башкы ролдордо милиция кызматкерлери

 Жакында соцтармактардан мас абалындагы эки киши көчөдө бири-бирин жөлөп-таяп басып баратканы, кийимдери кан экенин көрүүгө болот. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда алар бизди коргой турган Ош облустук милициясынын кызматкерлери. Милиция кызматкерлери деле мушташат.

Окуя Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн алдында болгону такталып, бул факты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын электрондук журналына катталган. ИИМдин Ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүп Ош облустук милициясынын кызматкерлери пикир келишпестиктен улам мушташканын аныктаган. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Жоробековго эскертүү берилип, анын үч орун басары - Алмаз Усеналиев, Салмоорбек Шералиев жана Улан Асанбаев кызматтан алынды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости