www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайра шайлоодо талапкердин саны 21ге жетти. «Ата-Мекенден» былтыр талапкер болушкан Момбеков менен Сурабалдиева атаандашка айланышты. «Социал-демократтар» колдобой койгон Ирина Карамушкина өзүн-өзү көрсөтүп чыкты. Жаштардан Шайлообек Атазов, Элнура Алканова сыяктуулар бар:

  Биринчи май шайлоо округу № 27:

Ф.И.О.

Коюу тартиби

Дата 

9.

Кермалиев Таалайбек Женишович

Өзү

11:36 08.01.2022

8

Момбеков Рыскелди Чыныбекович

Өзү

17:20 04.01.2022

7

Гапаров Адылбек Абдикаримович

Өзү

15:33 31.12.2021

6

Акылбеков Русланбек Акылбекович

Өзү

13:48 31.12.2021

5

Аматов Рысбай Аматович

Өзү

11:24 31.12.2021

4

Сартаев Анвар Айдарович

Өзү

15:48 29.12.2021

3

Токтакунов Нурбек Акбарович

Өзү

14:21 29.12.2021

2

Жакыпбеков Шадыкан Мырзаканович

Өзү

11:24 29.12.2021

1

Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна

Өзү

14:30 28.12.2021

Свердлов шайлоо округу № 29:

п/н №

Ф.И.О.

Коюу тартиби

Дата 

12

Бакиров Бакыт Жеентаевич

Өзү

12:20 07.01.2022

11

Алканова Элнура Сайдиракмановна

Өзү

17:28 06.01.2022

10

Болотбеков Бакытбек Болотбекович

Өзү

17:06 06.01.2022

9

Тургунбаев Улукбек Абдивалиевич

Өзү

10:30 06.01.2022

8

Карамушкина Ирина Юрьевна

Өзү

11:16 05.01.2022

7

Атазов Шайлообек Карыбекович

Өзү

13:53 04.01.2022

6

Султанбеков Муратбек Кенешбекович

Өзү

13:59 31.12.2021

5

Бейшенбаев Эдиль НУрбекович

Өзү

14:15 30.12.2021

4

Керимбаев Жусубалы Топчубаевич

Өзү


12 :13 30.12.2021

3

Жолдошова Назгуль Амантуровна

Өзү

14:48 29.12.2021

2

Асанбеков Жаныбек Асанбекович

Өзү

11:54 29.12.2021

1

Алмамбетова Гуля Идиновна

Өзү

15:15 28.12.2021

«Ата-Мекенчи» Сурабалдиева менен Момбековдун ортосунда «служебный роман» болду беле? 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо «Ата-Мекен» партиясынын катарына Эльвира Сурабалдиева менен Рыскелди Момбеков киришкен соң, экөө нике кыйып алышыптыр деп, бир топко сөз болгон. Биздин кесиптешибиз, «чимкирик» депутаттардын арасында «чимкирик эмес» депутат Рыскелди Момбеков үйүндө жаркылдаган жары турса, мультимиллиардер «чимкирик депутат» Сурабалдиеваны башына урабы? Кантсе да эркек эмеспи, эптеп тешик таап акчасына чабуул жасаса керек, тегин жерден сөз чыкмак беле? Бирок Сурабалдиева башаламандыктан пайдаланып вице-премьер болуп кетип Рыскенин жалбырттап бараткан сезимдерине суу себилип калды. Көптөн бери аза күтүп чыкпай калган, эбепке себеп болуп   Дастан Бекешев депутаттардын айлыгын 5 миң 500 сомго чейин төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун жазып жиберди. «Чимкирик эмес» депутат Рыскелди Момбеков бул айлык аз экенин айтып, чыркырап, айрым маалымат булактарына билдирген: «Мен 5 миң 500 сомдук айлык акыга каршымын. Мен бул мыйзам долбоорун колдобойм. Бекер иштейм деген бай адамдарга багытталып калат. Парламентте бай депутаттар бар, 5 миң долларлык айлыкты дагы тоготпойт. Ал эми карапайым эл ичинен чыккан  депутаттар иштеп жүрүшөт. 5 миң 500 сом үчүн ким иштейт?  Айылдардан шаарга келип кантип жашап, иштейт. Эч  нерсеге жетпейт да. Депутаттардын жардамчыларынын, жөнөкөй кызматкерлердин айлыгынан дагы аз болуп калат. Депутат кантип элге жолугушууга чыгат, ал акчаны жеткирүү мүмкүн эмес. Мен буга кошулбайм”, - дейт «чимкирик эмес» депутат.

Мындай жыйынтыкка келиш керек бай,  «чимкирик» депутаттар айлык албай эле иштесин, «чимкирик эмес» депутаттар айлыгын ала берсин, ансыз деле булардын айлыгынын лимити октябрда эле бүтүп, кийинки парламент депутаттарынын айлыгы менен жашап жатпайбы. Ошол айлыктарын кечип койсо деле жарашмак.

  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости