www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда 5135 адам кармалып, өлкө эки жаатка бөлүндү

Анын ичинде киши өлтүрүшкөнү үчүн 134 адам СИЗОдо, 516 адам тергелип жатат,полиция 125 кылмыш иштерин козгоп жатат. Казакстандын бийлиги мындай башаламандыкты өз күчү менен баса албасын түшүнүп ЖККУ (ОДКБ) жардам сурап кайрылган. 6-январда ЖККУ макулдугун берди. Көп убакыт өтпөй ЖККУнун аскер күчтөрү Казакстанга кире баштады.

Токаев ЖККУнун алкагында жардам көрсөтүп жатканы үчүн Армениянын премьер-министрине, Орусиянын, Кыргызстандын, Беларустун жана Тажикстандын президенттерине ыраазычылык билдирди: “Жашырынып жаткан жоочулардын топтору даярдыктарын мамлекет кантип “уктап” билбей калганынын сөзсүз аңдашыбыз керек. Алматынын өзүндө эле 20 миң бандит кол салды. Алардын дээрлик бардык облустардагы аскердик, административдик жана социалдык объектилерге карата акциялары так даярдыкта жүргөнүн, башкарылып турганын, жогорку чабуулдук даярдыкта жана зомбулук менен жүргөнүн көрсөтүүдө. Жоочулардан сырткары идеологиялык диверсия, дезинформация же “фейктер” менен алектенген же элдин маанайын манупуляциялаган адистер иштеди. Сыягы, даярдык жана жетектөө менен бирдиктүү командалык пунктта жүргүзүлгөн”,-деп айткан Токаев.

1991-жылдын 15-майында СССРден калган бир топ мамлекеттер Армения, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмун түзгөн.  Кийин Азербайжан, Грузия, Белорус кошулган. Бул келишим 1994-жылы күчүнө кирип, беш жыл сайын узартып туруу каралаган, 1999-жылы Армения, Белорус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан  бул келишимди узартышып Азербайжан, Грузия, Өзбекстан келишимди токтотушкан. Жамааттык коопсуздук келишим уюму ал кезде күчкө кире элек эле. Ошондуктан, Кыргызстандын аймагына 1999-жылы можахеддер кирген учурда Жамааттык коопсуздук келишим уюму  эч кандай саясий жана аскердик жардам бере алган эмес. Тескерисинче, мурун Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө болуп жүргөн, ал кезде Ислам Каримов президент болуп турган  Өзбекстан можахеддерге сокку урабыз деген шылтоо менен кыргыз айылына сокку уруп кеткен.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйындары

  1. Ташкенде 1992-жылдын 15-майы;
  2. Москвада 1992-жылдын  6-июлу;
  3. Ашхабад 1993 - жыл;
  4. Алматы, 1994 - жыл;
  5. Минск, 1995 - жыл;
  6. Москвада, 1995 - жыл;
  7.  Москвада, 1996 - жыл;
  8. Москвада, 1997 - жыл;
  9.  Москвада, 1998 - жыл;
  10.  Москвада, 1999 - жыл;
  11. Москвада, 2000-жыл;
  12.  Ереван, 2001-жыл;
  13. Москвада, 2002-жыл;
  14. Дүйшөмбү, 2003-жыл;
  15. Астана, 2004-жыл;
  16. Москвада, 2005-жыл;
  17. Минск, 2006-жыл;
  18. Дүйшөмбү, 2007-жыл;
  19. Москвада, 2008-жыл;
  20. Москвада, 2009 -жыл;
  21. Москвада, 2009-жыл;
  22. Москвада, 2010-жыл;
  23. Бишкек, 2010-жыл.
  24. Астана, 2011-жыл;
  25. Москвада. 2012-жыл;
  26. Сочи, 2013-жыл;
  27. Москвада, 2014-жыл;
  28. Москвада, 2014-жыл;
  29. Дүйшөмбү, 2015-жыл;
  30. Ереван, 2016-жыл;
  31. Минск, 2017-жыл;
  32. Астана, 2018-жыл;
  33. Бишкек, 2019-жыл;
  34. Онлайн сүйлөшүү, 2-декабрь 2020.
  35. Дүйшөмбү, 2021-жыл

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости