www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлерге эл кандай аттарды ырымдаган?

«Уйкудагы сулуу»

Отуз жыл жылмая күлүп, кем акыл ажолорду мурдунан жетелеп алып, мурундарына мурунтук салып, жондоруна ээр токуп, үстүнө шап минип, мыйзамдын эки тизгин, бир чылбырын колуна кармап, көп ажону кыдыңдата минип алып, эми болсо үч жолку финансы министрлигинен өкмөт башчылыгына секирип, дымы чыкпай калган денесин күүлөгөн минкабдын жетекчиси Жапаров Акылбекке «Уйкудагы сулуу» номинациясы ыйгарылган.

«Мистер 10%»

Атамбаев менен колтукташып министр катары кыргызды соруп, премьерге жетем деп, кызматтан кетип, Жээнбеков менен колтукташып финансы рыногунда 10 %ды соруп, элди ач калтырып, кымбатчылык түзүп, жең ичинен коньяк ичип, өз капчыгын толтурганы үчүн ыраазычылыктан ооз ачып сүйлөй албай, корголоп жашынып жаткан кезде бийлик алмашып, коңулдан чыккан коңуздай, котур ташын койнунан алып чыгып, кайрадан ордун бекемдеген, бийликке жагынуу максатында опурталдуу сөздөрдү сүйлөп, финансы рыногунда 10 %ды соруп, андан секирип минкабдын төрагасынын биринчи орун басары болгон Кожошев Арзыбекке «Мистер 10 %» номинациясы ыйгарылган.

«Дардаңпоз»

Эдил Байсалов принцибин жоготуп Акылбек Жапаровдун кабинетинде иштейт деген түшкө да кирбеген окуя. Анткени канча ирет Жапаров бийликте, Байсалов оппозицияда жүрүп элди жарытышкан жок. Атамбаевдин убагында НПОну жетелеп, Жээнбековдун убагында Улуу Британияны жетелеп, президенттин жалдырап бут алдында жүрүп, революция болоор замат, терисин тескери  жамынып, «Улуу революционерге» айланып, дардалаңдап жүргөндүгү үчүн Байсалов Эдилге «Дардаңпоз» номинациясы ыйгарылган.

«Арзымат»

Этияттанбай эл аралык этиканын нормасынан өтүп, Ысык-Көлдүн ысык даамын татып чоңойгону үчүн туалетке барса да Садыр акесинен уруксат сурап, ат тезегин кургатпай жылаңайлак каттап, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондусуна мүчө болуп кирип, анын Башкармалыгынын төрага болгон соң Орус-Кыргыз тааныштарына акча берүү фондусуна айланткан, минкабдын төрагасынын биринчи орунбасары болуп бир жума иштеп оңкосунан кетип, оңолор менен минкабдын төрагасынын орунбасары болгон Аалиев Азизке «Арзымат» номинациясы ыйгарылган.

«Циркач»

Атамбаевдин убагында шейхтер менен жүрүп, Жээнбековдун убагында маданият министри болуп, сейфке бекинип алып, циркте мафия уюштуруп, маңкурттар Манаска тийишип жатканда «молчать» этип, эми жерди караган жүзү менен туризмди муунткусу келип, элди караган жүзү менен маданият демиш болуп, «маданият ычкырын» мойнуна тагып, кайрадан өз энчисине бүткөндөй маданият министрин «приватташтырып» жеке менчикке айлантып алган Жаманкулов Азаматка «Циркач» номинациясы ыйгарылган.

«Боксер»

Чочойгон чоңдугуна карабай, чогулушту уруп ойнобой, чоң жыйындарда элдин барын чоочулатып, чоң муштумун көтөрө чуркап, «брабесианал боксер» катары бирде тумшугун талкалай коюп, бирде тумшугун талкалаткандыгы үчүн минкабдын төрагасынын орунбасары Ташиев Камчыбекке «Боксер»

номинациясы ыйгарылган.


“Чүчпара”

Тамактын аталышы кимдин “кличкасы” деп атасызбы? Финансы министри Бакетаев Алмаздын тар чөйрөдөгү каймана ысымы болгонун көпчүлүк биле бербесе керек. Анын себеби, Бакетаев Алмаз чүчпараны өтө жакшы көрүп, чоң табит менен жейт. Ылайыгы, шарты болгон жерде чүчпараны жасатып жегенден жадабайт. Атүгүл, анын аркасын массаж жасап жатканда да жакшы көргөн тамагын жей берет. Бийлиги жок кезинде ашпозчуларынын жасаган чүчпарасын жеп жүрсө, эми министр кезде жалданмалардын колунан жасалган чүчпараны сугунуп, өзүнө массаж жасатып рахатка батат. Иштеген иши деле жарытпайт.


“Торпеда”

Өзгөчө кырдаалдар министри Ажикеев Бообек “Торпеда” “кличкасына” ээ болууда. Калп айткан менен болобу, Ажикеев Бообектин саясаттагы жүрүшү артка кайтууну билбеген торпедону элестетет. Кемеден чыгарылган торпедо зуулдап барып, объектини барып талкалап, жок кылгандай эле Ажикеев Бообек да көктүгүнө салганда, эр болсоң ага каршы чыгып көр. Ордунан бир козголуп, күүлөнүп алганда, ОБОН атыккан катындар шоона эшпей калышы ыктымал. Тийишкен депутаттардын сазайын берип, сөзүн бөлгөн спикердин айласын кетирип салат.


“Комбайн”

Жаныбеков Аскарбекти ким билбейт. Аны тар чөйрөдө  ушинтип аташат. Министри боло калып кол алдындагыларга “чү” дегенде эле комбайнчасынан олчойгон “салыкты” салып, өзүнүн да, шефтеринин да капчыгын кампайтат дешет. Ошондо аны карап күлүп, артты карап ыйлагандар аны “Комбайн” аташып, чачынан бутуна чейин сөгүп, ич күптүүлөрүн ичте сактап кала берчү экен. “Комбайн” атыгып жүрүп, ири капитал топтоп, бизнесин баштагандыгы өзүнчө узак сөз болуп айтылат. “Кличкасы” эле айтып тургандай, акчаны чындап эле комбайнчасынан басып койгон белем, учурда бийликти каржы жагынан колдоп, сүрөп, мыкты  министрге айланган.


«Уу коргошун»

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту уу коргошун менен дарылоо керек деп жүрүп ээ болгон. Мунун аты жеке эле Кыргызстанда эмес, дүйнөлүк масштабда «уу коргошун» атына татыган.


“Тико”

Бул каймана ысымдын ээси ким деп атасызбы? Бабановдун досу Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин ысымы ушундай. Көлөмүнөн эмес жылмалыгынан улам ушундай каймана ысымга ээ болгон. Корейлердин өндүрүшүндөгү “Тико” автоунаасы автоунаалардын “миниатюрныйы” болсо, сакадай бою сары алтын Руслан Казакбаев Кыргызстандагы аткаминерлердин “миниатюрныйы” окшобойбу. Жакшылап үңүлсөк, “Тико” “кличкасы каарманыбызга куп жарашкандай. “Тико” темир тулпары сапаты, ыңгайлуулугу менен мактана албаса да, өтүмдүүлүгү менен мактанбай кое албайт. Барбаган, жүрбөгөн жери жок. Чакандыгынан улам автотыгындарда ыңгайлуу келип, буйтап-суйтап атып жеткирчү жериңе бат жеткирип коёт эмеспи. Анан “Тико” автоунаасынын темири консерванын идишиникиндей эле жука, назик эмеспи, Руслан Казакбаевдин да нервинин жука экени жамы журтка дайын. Билгендер анын болбогон нерсеге албууттанып, ачууланып, нерви ойноп кетмейи бар экенин айтышат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости