www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандагы ызы-чууну кыргызстандык Джаз ырчысы, Викрам Рузахунов уюштурган деген маалымат социалдык тармакта желдей тарады. Ага жооп катары, журналист Дайырбек Орунбеков пикирин билдирди.

-Казакстанда он миңдеген адамдар көчөгө чыгышты. Аларды, "Казакстан" телеканалынын версиясы боюнча сүрөттөгү Бишкектен барган жумушсуз жигит уюштуруптур. Баурдастар силерде ыйык эч нерсе жок экен. Биздин силер үчүн тынчыбыз кеткенине, силерге тынчтык тилеп кабатыр болгонубуз үчүн өкүнүп жатабыз. Мамлекеттик денгээлде, эксперттериңер, черныйларыңардан бери биздин элге көө шыбап жатасыңар.

Казакстанга кыргыз жараны кирүүгө чек-ара жабык. Алматыга самолет менен гана барат. Билеттин баасы 300$. Кайсы келесоо 300 долларга билет алып, Алматыга барып магазинге кирип нан уурдап жейт? Кыргызстанда дагы 1 жыл мурун тополоң болгон. Эч ким мародерчулук кылган жок. Ошон үчүн казактар (атайын чагымчылдар) уялгыла!

Силерге дайым боор тартып келгенбиз, ачка калганда сактап калганбыз. Өзүнөрдүн ички көйгөйүңөр үчүн башка элден, болгондо дагы бир тууганыңардан күнөө издебегиле! Сүрөттөгү жигит улуту уйгур, Казакстанда коммерцант болуп жүргөн экен. Учурда ал жакта иштеген Кыргызстандыктарды кыйнап, жалган көрсөтмө берүүгө аракет кылып жатыптыр, дейт Дайырбек Орунбеков.

Казакстандагы ММКлардын жасаганы кыргызстандыктарга талкуу жаратты.

Азамат Айтбаев: --Урматтуу мекендештер! Бул жигит кыргызстандык Джаз ырчысы Викрам Рузахунов экен. Демек казак бийлиги кысымга алып эле, зордуктап видео тарттырып мойнуна алдырып койуптур да...

Атыргуль Кожоева: --Жаш бала экен! Токаев айткан миллион казакты ушул кичине бала алып чыгыптырбы!? Казактар тийшип жаткандай! Провокация! Курулай доомат !

Жаныл Абдылдаева: --Казак бир туугандар! Кыргыз эли силерде болуп жаткан окуяга ичибиз ачып жатабыз. Кыргыз бир туугандарыңарга жалган-жалаа жаппагыла! Кыргыздар эч качан бирөөнүн элине барып тополоң уйуштурбайт! Эч качан уурулукка барбайт! Кыргыздарды кыйноого алып тура эмес көргөзмө албагыла! Кудайдан корккула! Мындай тополоң бизде бир жыл мурда болгон. Бир да талап-тоноочулук болгон эмес. Кыргыздарга көө жапкыла! Бир кыргызды эч качан миң казак укпайт, ушул жагын жакшы ойлонгула!

Айнура Жеенбекова: --Бул деген джаз ырдаган Кыргызстандык артист го. Инстаграмда баракчасы бар. Какой коммерсант?

Асен Нуралиевич.: --Қазакстандагы НПОчулардын иши деп баалаймын жеке оюм.

Рахима Эрназарова: --Кыргыз элине арам оюн агытса, кой деп койоор бир аттуу - баштуу казак чыкпаса, анда Кудай эле жазасын берип коёт. АЙКӨЛ Кыргыз элинин жүрөгү тоо, мээрими чексиз. Кудай колдогон, ынтымактуу (анча - мынча трайбалист, акмактарды кошпогондо) элибиз. Мындай акмак эки элге чыгымчылдык кылгандарды жок дегенде акыл эстүү акын - төкмөлөрү, маданият кызматкерлери Казак элине кайрылуу жасап койсо керек. Күтөбүз. Кыргыз элине тынчтык, аманчылык болсун 

Куба Тажибаев: --Баурлар боор ачыса боорго тебишетда.

Темиркул Булашбаев: --Убакыт өтө дагы да башка версияларын ойлоп таап, даана эле бизге аңтара салгана калды окшойт. Жанагы 20 миң террорчулар кыргыздар деп чыкпаса болду эми.

Джумабаев Авланбек: --Мында казак элинин күнөөсү жок. Эл тынчтык тилеп, коррупциялашкан бийликтин кетишин тилеп отурат. Муну элдин наалатына татыган бийликтин медиа чөөлөрү кылып жатат.

Аида Надырбекова: --Бул боюнча УКМК иликтеп, так жооп алышы керек. Бул ким, чын эле кыргызбы?  90 миң теңгеге алданып кыргыз баласы Алматыга учуп барбаса керек эле деп ишенип турам.

Турсунбек Жунушбаевич: --Негизи казактар чырдын башын бизге кыргыздарга түртө салчудай болуп калды өңдөнөт. Жүзгө жакын террорист коңшу мамлекеттен адамдары кармалды деди, балким кийин ошолор кыргыз экен деп коюшат. Сыймык Жапыкеев деген 5-январда өзү, “мен казактарга кеңеш берип турдум” деп айтып салды. Токаев өзүн ак көрсөтүү үчүн сөзсүз күнөөнү башка жакка оодарат, өзбектер “биз башка мамлекеттин ички ишине кийлигишпейбиз” деп койду, тажиктер менен алакасы мурдатан жакшы, “крайний” болуп кыргыздар эле калат окшойбуз.

Бул талкуудан кийин казакстандык Aizhan Khamit  Фейсбук баракчасына төмөнкүчө пикир калтырды.

Төмөндө текст окурмандарга өзгөртүүсүз берилет:

--Дорогие друзья из разных стран, которые меня читают. Пусть меня уже ненавидит добрая половина казахских зомби, которые собираются сплотиться вокруг нового сапога, но я напишу. На Государственном телеканале выпустили видео, где избитый человек рассказывает, что ему заплатили 200 долларов за участие в митингах. Выдают его за гражданина Кыргызстана.

Но это не погромщик, это кыргызский музыкант Викрам Рузахунов (на фото). Его похитили, пытали и держат где-то. Источник https://kaktus.media/.../452384_kazahskie_vlasti_vydali... Викрам Рузахунов джазовый музыкант, который был на гастролях в Алматы. Видео его выступлений вы можете найти в ютубе. Вот одно из них https://youtu.be/IJ7UR7Gi0mQ

Пожалуйста, напишите об этом! Расскажите, что происходит в Казахстане. Нас захватили враги, которые решили нас стравить с братьями кыргызами. А так как сейчас по тв крутят только местные каналы и поток пропаганды, то ничего удивительного в том, что многие им верят. Как говорил министр пропаганды третьего рейха Геббельс «Дайте мне СМИ и я сделаю из нации стадо свиней». Пожалуйста, помогите остановить эту ложь! Stop fake. Копируйте текст и фото, - деп жазган Aizhan Khamit.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости