www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы алдында өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча штабдын кезектеги жыйыны өттү. Жыйындын жүрүшүндө башкы прокурор, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы жана ички иштер министринин милдетин аткаруучу сөз сүйлөштү. Бул тууралуу акорда жазып чыкты.

https://www.akorda.kz/public/assets/media/uploadMedia/1641707758_DSC_2809_2.jpg

Мамлекет башчысына өлкөдө укук тартибин калыбына келтирүү боюнча укук коргоо органдары жана Куралдуу күчтөр тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жана аймактарда өзгөчө кырдаал режиминин сакталышын камсыздоо боюнча иштер тууралуу маалымат берилди. Блок посттор орнотулуп, ЖККУга мүчө мамлекеттердин биргелешкен бейпилдик күчтөрүнө бир катар стратегиялык объектилерди кайтаруу тапшырмасы берилди. Укук коргоо органдары конуштарды “тазалоону” улантууда. Террорчулардын жайгашкан жерин аныктоо жана кармоо, аларга тиешелүү документтерди жана маалыматтарды чогултуу жана тийиштүү экспертиза жүргүзүү боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

https://www.akorda.kz/public/assets/media/uploadMedia/1641707811_DSC_2729_2.jpg

Учурда 125 кылмыш иши козголгон. Милицияга 5,8 миң адам жеткирилген. Алардын арасында чет элдиктер да көп.

Жыйында өлкөнүн бардык аймактарында абал турукташып, абал көзөмөлгө алынып, укук коргоо органдары тарабынан бардык административдик имараттар террористтерден тазаланганы айтылды. Коммуналдык жана башка зарыл нерселер калыбына келтирилип жатат.

https://www.akorda.kz/public/assets/media/uploadMedia/1641707839_KZ1_4179_2.jpg

Касым-Жомарт Токаев укук коргоо органдары өлкөдө коомдук тартипти жана коопсуздукту толук калыбына келтирүү үчүн бардык зарыл чараларды көрө турганын белгиледи. Жыйындын жүрүшүндө мамлекет башчысы башаламандыктардан келтирилген чыгымдарды өндүрүү боюнча Өкмөттүк комиссия түзүүнү тапшырды.https://www.akorda.kz/public/assets/media/uploadMedia/1641707868_KZ1_4167_2.jpg

Президент Алматыда жана башка аймактарда административдик имараттарды, социалдык-коммуналдык объектилерди реконструкциялоо иштерин тез арада баштоону тапшырды.

Белгилей кетсек, Алматыдагы митингдин катышуучулары бир топ ири ишканаларга зыян келтирип, талап-тонолуп, миңден ашуун жарандар жабыркап, 18 полиция кызматкери каза тапкан.

Россия Федерациясынын президенти В.Путин 5-январда Казакстандагы абалга байланыштуу тез арада Казакстанга куралдуу күчтөрүн киргизүү жөнүндө буйрук чыгарган.

Буга чейин белгилүү болгондой, Касым-Жоомарт Токаев Казакстандагы абалды жөнгө салуу максатында ЖККУга кайрылган.

Ушул тапта Алматы калаасында куралдуу күчтөрдүн көзөмөлүндө турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости