www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ата-Мекен” партиясы бүгүн Жанар Акаевди алдыга сүрөдү. Буюрса Акаев “Ата-Мекен” партиясы парламентке келсе фракция жетекчиси болот. Көп жылдар парламенттик фракцияга Өмүрбек Текебаев фракция жетекчиси болуп келген. 2017-жылы февралда президенттик шайлоого тоскоолдук кылбаш үчүн Орусия президенти Владимир Путин келген күнү Маевскийдин шылтоосу менен чет мамлекеттен келаткан Текебаевди камап салышкан. Анын ордуна “Ата-Мекен” партиясына фракция жетекчиси жөтөлсө оозунан жөргөмүш учкан Алмамбет Шыкмаматов фракция жетекчиси болот. Ал парламентти таштап кеткенде ордуна олигарх Турусбек Мамашевдин кызы Айсулуу Мамашева фракция жетекчиси болот. Учурда экөө тең “Ата-Мекен” партиясынын туусун көтөрүшкөн жок. Алмамбет Шыкмаматов “Бир болдун”, ал эми Мамашевдер ”Замандаш” партиясынын туусун көтөрүп чыгышты.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости