www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 6-майда, Кыргызстандын шаарлары менен райондорунда аскер комиссариаттары менен биргеликте жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана аларга теңештирилген адамдарды, ошондой эле ооруктун эмгекчилерин «1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалы менен сыйлоо иштери башталды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ошол эле маалда ардагерлер менен ооруктун эмгекчилерине Россия Федерациясынын Президентинин атынан «1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалы тапшырылат.

Россия тараптын аталган медалды уюштуруу жана жасап чыгуу демилгеси 2018-жылдын 28-сентябрында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин чечими менен бекитилген. Медаль жалпы КМШ аймагына бирдиктүү болуп саналат.

Эске салсак, 2020-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана аларга теңештирилген адамдарды «1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалы менен сыйлоону ишке ашырат.

Кыргызстанда сыйлана турган согуш ардагерлеринин (согуштун катышуучулары, майыптар, концлагерлердин жашы жетпеген туткундары жана Ленинград блокадачылары) жалпы саны 234 адам.

Ошоной эле 1769 ооруктун эмгекчилери сыйланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости