www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо борборунда медициналык кызматкерлер менен бейтаптар коронавирус жуктуруп алганы айтылган.

Республикалык штаб бул маалымат боюнча билдирүү жасады. Анда коронавирус борбордун гематология бөлүмүндө дарыланып жаткан бейтаптан аныкталган.

"Гематология бөлүмүндө дарыланган бейтаптан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бейтаптын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун тургуну деп түшкөн билдирүүдөн кийин маалым болду. Натыйжада бардык бейтаптар, оорулууларды карап жаткандар жана медициналык кызматкерлер текшерилип, ПЦР диагностика 7 адамда коронавирус бар экенин тастыктады. Вирус аныкталгандар - 2 ымыркай, 3 эне жана 2 медициналык кызматкер. Калган 20 кызматкерде, 13 балада жана 7 ата-энеде тесттин жыйынтыктары илдеттин жок экендигин тастыктады. 14 күн бою алар кызматкерлердин көзөмөлүндө болушат.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун экинчи базасында бейтаптар кабыл алынган эмес, дезинфекциялык иштер жүргүзүлгөн. Мында 13 бала ден соолугу оор акыбалда болгондуктан, медициналык жардамга муктаж жана катаал карантиндик чараларды сактоо менен бөлүмдө дарылануусун улантууда.

20 кызматкер үчүн имараттын биринчи жана экинчи кабаттарында обсервация уюштурулган, бардык медициналык кызматкерлер жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалган", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости