www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев: "Жазгы талаа иштери өз убагында жүргүзүлүшү керек", - деп айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
«Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы мелиорация министрлигинин маалыматына караганда, майдын аягында бардык талаачылык иштер аяктайт, ал эми айрым аймактарда түшүм жыйнала баштайт. Эң негизгиси биз ирригация маселесин чече алдык. Пандемияга карабастан, дыйкандар үрөн, жер семирткич жана күйүүчү-майлоочу май менен жетиштүү көлөмдө камсыздалды. Кандайдыр бир тобокелчиликтер болду, бирок ошол эле учурда бардык санитардык нормаларды сактоо менен жазгы талаачылык иштерди жүргүзүү үчүн атайын техникаларды сатуу түйүндөрүн ачууга уруксат берилди», - деди Премьер-министр.
Өкмөт башчы ошондой эле алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнү баштоо керектигин эске салды.
«Өткөн кыш жылуу болду, авариялык өчүрүүлөр аз болду. Биз отун, электр энергиясын үнөмдөп жана дебитордук карызды төлөөнү көбөйтө алдык. Быйылкы жылы суу аз болот, бул кыйынчылыктарды алып келет. Ошондуктан энергетика секторун модернизациялоо боюнча буга чейин башталган иштерди мөөнөтүндө аяктоо керек», - деп жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев.
Булак: NazarNews.kg