www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы бир нече райондордогу селдин кесепеттерин жоюу боюнча маселе каралып жатат.
Депутат Өмүрбек Бакиров Баткен облусунун Лейлек районундагы аткезчилик учурдагы кырдаалга карабастан дагы токтобой жатканын айтып чыкты.
“Азыр Тажикстандан жашылча, мөмө-жемиштер чыгып жатат. Тажикстандагы абалды жакшы билебиз. Ал өлкөдө бүгүнкү күндө коронавирус көбөйүп кетти. Ошол бизге контрабанда менен канчалаган вирустар кирип атат. Контролго албайсыздарбы. Эмне үчүн бүгүнкү күндө да иштеп жатат?”-деп депутат суроо салды.
Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Баткен облусундагы аткезчиликти өзү көзөмөлгө алып жатканын билдирди. Тажикстандан аткезчилик менен 9 унаа кармалганын айтты. Учурда аталган маселе боюнча катуу көзөмөл жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Депутат Өмүрбек Бакиров вице-премьер-министр көзөмөлдөп жатабыз деп айтканы менен аткезчлик тотобогонун токтолду.
“Сиздин айтканыңыз куру сөз болуп келип атат. Эч бир жылыш жок. Дежурный сөздөр кайталанат. Мына, кечээ жакында сиз Араван районунун Эсенбай айылына, Ноокат районунун Каримберди айылына бардыңыз. Ошол менен таза суу, сугат суунун жоктугун жеринен көрдүңүз.Кандай жыйынтыкка келдиңиз?”-деп суроо узатты.
Өз кезегинде Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров аталган аймактагы элдер менен өзү жолугуп, маселени чечүү аракетин жүргүзүп жатканын айтты.
Депутат элге убада бергенден кийин аткарыш керектиги баса белгиледи.
“Ошол элге сизге окшогон менен бизге окшогондор барып, сөз берип келе берип элди тажатты. Качан чечилет, чечиле турган күнү так же чечилбейт деп айтыш керек”,-деди депутат.
Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров аталган аймактарга 2 айдан кийин таза суу берилерин убада кылды.
Булак: NazarNews.kg