www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы бир нече райондордогу селдин кесепеттерин жоюу боюнча маселе каралып жатат.
Депутат Таабалды Тиллаевдин айтымында, аталган аймактардагы сел маселеси жылдан-жылга күчөп, бүтпөй келет.
“Эл чек ара маселесин чечпесеңер дагы сел менен элдин маселесин чечип бергиле деп атат. Исфана аймагын эле алсак, жылда таш тосмолор менен тособуз. Бирок, эффективдүү болбой, акча асманга кеткендей болуп жатат. Жардам берип атат. Бетон тосмолорду курганыбыз эффективдүүлүгүн көрсөттү. Ошон үчүн сизден сураныч, Замирбек Марипбаевич таш тосмолорду токтотуп, кооптуу, эл жыш жайгашкан аймактарга бетон тосмолорду койсоңуздар”,-деди депутат Таабалды Тиллаев.
Мындан сырткары, депутат аталган маселе боюнча ӨКМге Каржы министрлиги көрсөтүлгөн акчаны бөлүп бериш керектиги кошумчалады.
“Протоколдо өздөрүнүн иш планын кылып алып, Каржы министрлигинин жанына барып, ар бир объектилерди банкта отургандай чиймелеп отурат же болбосо депутаттарга кайрылат дейт,”-деди Таабалды Тиллаев.
Булак: NazarNews.kg