www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчыбек Жолдошбаевди азырынча эч ким муунта элек. Олигарх Аскар Салымбеков анын атын укса эле жашынарга жер таппай калат. Бирок, СДПК фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков эр экен, СДПКнын иши бүткөнүн билет, “Өнүгүүнүн” да иши бүтүп баратканын билет. Азыр “Ата –Мекенге” аттап өтүп бараткан Рыскелди мырза Камчыбек Жолдошбаевге акаарат айтпаса ким айта алат? Анткени, Камчыбек Жолдошбаев "учурунда президент Жээнбековго волейбол боюнча устат болгонмун" деп, кайсы жерде болсо оозунан түшүрбөй жүрбөйбү. Чындыгы, Жээнбеков мектепте окуп жүргөндө эле волейбол боюнча Камчыбек Жолдошбаеви жок эле, жакшы ойночу дешет го. “Волейбол боюнча устат” Камчыбек Жолдошбаев Нарындыктарды бир катарга тизип бүтүп, эми Таластыктар калганбы? Бабанов жер карап бериши мүмкүн, бирок Айтматовдун айылдашы Момбеков өлбөгөн жерде калат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости