www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйыны болуп жатат. Анда депутат Дастан Бекешов “Тергөө изоляторлорундагы адамдардын сабалышы тууралуу видеотасмалар тараса, ал эми ЖАМК жоопкерчиликтен качып баарын “фейк” деп атоодо” – деп билдирди.
“Абакта отургандардын ар дайым сабалып келгени боюнча териштирүүлөр качан башталат? Абакта “пахандар”, “смотрящийлер” бар экенин, силердин кызматкерлериңер алардан жалтанып турарын билем. Бирок мындай айбанчылык болбошу керек да. Тактап айтканда, Эмилбек Кимсановдун абакта сабалышы тууралуу видеотасма” – деди Дастан Бекешов ЖАМКтын өкүлүнө кайрылып.
“Бул факты боюнча териштирүү жүрүп жатат. Жыйынтыгы чыкканда, сизге өзүнчө маалымат бере алабыз. Ал боюнча бардыгы аныктала элек” – деп жооп берди ЖАМКтын өкүлү.
Дастан Бекешов: Эмнеси аныктала элек? Сабалгандыгы тууралуу видеотасма жарыяланды.
ЖАМКтын өкүлү: Кимсанов өзү көрсөтмө берүүдөн баш тартып жатат. Анын көрсөтмөсү жок кантип болсун?
Дастан Бекешов: Коркконунан көрсөтмө бербей жатат да. Эгерде ал көрсөтмө берсе, аны кайра сабашат же өлтүрүп коюшат да.
ЖАМКтын өкүлү: Жабырлануучунун көрсөтмөсү жок болбойт, тиешелүү процесстер бар.
Дастан Бекешов: Медициналык экспертизачы? Иштейби?
ЖАМКтын өкүлү: Иштеп жатат.
Дастан Бекешов: Анан?
ЖАМКтын өкүлү: Иш-чаралар жүргүзүлүп жатат деп айтып жатам го.
Дастан Бекешов: Силер кызык экенсиңер. Ошондуктан, абактагылар сабалып жатат. Эч ким көрсөтмө бербейт. Анткени алар түндө өлтүрүп кетиши мүмкүн экенин билишет. Силер дагы муну жакшы билесиңер. Акыры силерде тартипти орнотуу керек.
ЖАМКтын өкүлү: Макул. Териштирип, маалымат беребиз.
Булак: NazarNews.kg