www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын түндүк-чыгышындагы Ладах аймагында Кытай менен Индиянын аскер кызматкерлеринин ортосунда куралдуу кагылшуу болуп Индиянын 20 аскери каза болду. Бул тууралуу ANI агентиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда,  Ладахдагы Галван коктусунда чыңалуу басаңдатылууга аракет кылынып жатканда Индия жана Кытай күчтөрүнүн ортосунда “катуу кагылышуу” болгону жана каза тапкандар бар экени маалымдалган.

Индия өкмөт булактарынан алынган маалыматта 20 индус аскери каза болду. Бул акыркы 45 жылда эки өлкөнүн ортосунда болгон эң катуу кагылышуу экендиги билдирилди.

Ошондой эле, агенттиктин кабарына караганда Кытай тараптан 43төн көп аскер набыт болгону же жаракат алганын айтылып чыкты.

Индиянын Кытай чек арасындагы Ладах аймагын талашуудан келип чыккан чыңалуу 2017-жылы күчөгөн.

Кытай менен Индиянын чек арасындагы 3500 чакырымдык аралыктын көп жери талаш туудурууда.

Пекин бийлиги “Түштүк Тибет” деп атаган Индиянын Аруначал Прадеш провинциясындагы 90 миң чарчы чакырымдык аянтты талашып жатканда, Дели бийлиги Аксай Кытай платолорун камтыган 38 миң чарчы чакырымдык аянттын Кытай тарабынан басылып алынганын жактоодо.

Эки тарап көп жылдарга созулган жолугушууларга карабастан эгемендүүлүк араздашууларын чече албай сөз болгон маселе акыркы убактарда Пекин-Жаңы дели багытында барган сайын чыңалуунун күчөшүнө себеп болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости