www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата-Журт» депутаттык тобунун жетекчиси Нурланбек Азыгалиев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту.
Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата-Журт» депутаттык тобунун жетекчиси Нурланбек Азыгалиев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, анын ичинен парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү тууралуу сөз болду.
Нурланбек Азыгалиев эки тараптуу байланыштар бардык багыттар боюнча, анын ичинен соода-экономикалык чөйрөдө жигердүү өнүгүп жатканын белгиледи. Эл өкүлү товар жүгүртүүнүн оң көрсөткүчтөрүнө токтолуп, 2025-жылы анын көлөмү 27 млрд АКШ долларын түзгөнүн кошумчалады.
Мындан тышкары, инвестицияларды тартуунун жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу чоң мааниге ээ экенин айтты. Айрыкча Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун ишке ашырылышына токтолуп, анын аймак үчүн стратегиялык маанисин баса белгиледи.
Нурланбек Азыгалиев «Жунда» мунай иштетүүчү ишканасынын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду. Депутат экологиялык талаптарды так сактоо, айлана-чөйрөгө тийгизилген терс таасирди азайтуу боюнча чараларды көрүү жана өндүрүш процесстерин заманбап технологияларды киргизүү аркылуу модернизациялоо зарылдыгын айтты.
Өз кезегинде Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи Лю Цзянпин кытай тарап кызматташууга ар дайым даяр экенин ырастады.
Муну менен катар тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселесине токтолуп, 2026-жылга карата пландарды, анын ичинен делегациялардын алмашуусун, тармактык комитеттер жана достук депутаттык топтор ортосундагы диалогду кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Жыйынтыгында Нурланбек Азыгалиев жана Лю Цзянпин кыргыз-кытай кызматташтыгы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, инфраструктуралык жана парламенттер аралык багыттарда мындан ары да ийгиликтүү өнүгө берерине ишеним билдиришти.