www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноого шектелип кармалган адам кыйноого кабылган. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.

Андагы маалыматка караганда, акыйкатчыга кылмышка шектелип кармалган адамдын апасы кайрылып, баласын милиция кызматкерлери кыйнап жатканын айткан. Арыздануучу билдиргендей, тоноо болгон күнү анын уулу достору менен Ысык-Көлдүн Бостери айылына келин алып кетүү үчүн Бишкекке барышкан. Муну тастыктай турган сүрөт жана видео бар. Анткени уулу отурган унаа жол эрежесин бузгандыгы үчүн эки ирет "Коопсуз шаардын" камерасына түшүп калган.

Ал эми 5-майдан 6-майга караган түнү шектүү кылмышка шектүү Бостеридеги кафелердин биринде болгон. Арыздануучу муну анын достору далилдеп бере аларын, алтургай ошол отурушта түшкөн сүрөттөр да бар экенин билдирген.

Милиция кызматкерлери шектүүнүн унаасынын ичине баалуу зер буюмдарды таштап койгон болушу да мүмкүн. Шектүүнү кармап кеткен кафеде видео байкоочу камералар болгон. Милиция кызматкерлери камера бар экенин билип, андагы жазуулардын баарын өчүртүп салышкан дейт шектүүнүн жакыны.

Октябрь РИИБинде тиешелүү көрсөтмөнү алуу үчүн шектүүнү кыйнаган. Анын сабалганын жактоочусу сүрөткө тартып алган. Уулунун сабалганын тастыктаган Бишкектеги ортопедия жана илим изилдөө борборунун дарыгеринин маалым каты дагы бар дейт арыздануучу.

Акыйкатчы бул ишти өз көзөмөлүнө алган.

Эске салсак, 6-майга караган түнү тапанча менен куралданган белгисиз адамдар Бишкек шаарында ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүнө кирип, күч колдонуп 60 миң доллар, 15 миң сом жана алтын буюмдарын карактап кетишкен.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнү 2-сентябрда Каракол шаарында кафеде отурган жеринен кармашкан. Анын унаасын текшерүү учурунда, унаанын салонунан кылмышка далил буюмдар табылып, алынган. Кылмышка шектүү катары кармалган 1995-жылы туулган Б.М. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилгени айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости