www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жараткан ар бир адамдын башына өзү көтөрө алчудай гана сыноо берет" - деп айтылат. Туура, ар адамдын өз тагдыры өз колунда болот. Дегеним, бир адамдын тагдыры экенчисине окшобойт эмеспи. Бүгүнкү биздин карманыбыздын башынан өткөргөн тагдыры балким бирөөлөргө сабак болсо, кээсинин жөн гана кулак сыртынан өтүп кетер. Ошентсе да Айнура айымдын (белгилүү себептерден улам аты өзгөртүлдү) сөзүнө кулак салалы.

"Менин жашым 30да, Бишкек шаарынын тургуну болом. Кесибим боюнча кыргыз тил мугалимимин. Бирок, эч бир жерде кесибим боюнча иштеп көргөн эмесмин. Үйдүн жалгыз кызымын" деген Айнура сөзүн төмөндөгүчө баштады.

2008-ЖЫЛ

2008-жылдын 19-сентябры менин жашоомдун унутулгус күнү десем болот. Ал күнү жүрөгүм дүк-дүк этип катуу согуп жатты. Жашоомдо көп жолу кубансам дагы ошол күндөгүдөй кубанбасам керек. Улам жүгүрүп барып апамды кучактап апа мен кандай бактылуумун деп жаттым. Себеби ошол күнү мен эң жакшы көргөн адамым Талгатка турмушка чыгып жаткам. Үйдүн ичи толо туугандар. Баары катуу камынышып эки сааттан соң кудалар келет деп жүгүрүп жүрүштү. Мен бала күнүмөн эле эрке өскөм. Аны дайым мойнума алам. Себеби, бир үйдүн жалгыз кызы болуп, атам да, апам да менин оюм менен болушчу. Бул жолуда алар менин чечимимди кабыл алышты. Себеби, атам өмүр бою кызматта жүргөн адам. Мен тандаган адамды ал жан дүйнөсүндө жактырбаганы менен мен үчүн кабыл алды.

ТАЛГАТ

Талгат менден эки жашка улуу. Экөөбүз үч жыл кыз-жигит болуп жүрүп, анан ал баш кошуу сунушун киргизген. Мен дароо кабыл алгам. Ата, апама айтканда эле атам "кызым жашоо деген сага оюнчук эмес. Ал бала сени бактылуу кыла албайт" дегени туура экенин ошондо билсем гана. Жаштык кылып биз көп нерсени биле бербейт экенбиз да. Ал тургай ата-энебиздин айтканын да уккубуз келбеген учур болот тура. Атам канчалык каршы болсо дагы, мен үчүн мыкты деңгелде той кылып колдон узатты.

ЖАШОО

Ошонтип Талгат экөөбүз кыргызча нике той кылып жашап калдык. Башында баары жакшы болчу. Талгат эл катары эле курулушта иштеп, кечинде чарчап келип жатып калат. Анын ушундай оор жумушта иштеп жатканына жүрөгүм ооруп, атама жумуш таап беринизчи, ал жумушу өтө оор десем атам "аял алганды билген эркек бакканды да билиши керек " деп койду. Кыскасы жардам берүүдөн баш тартты. Кайын энем тигүүчү болуп иштейт. Ал адам өтө жакшы адам эле. Жолдошу жаш кезинде эле Талгат экөөнү таштап кетиптир. Ошол себептен мен апама дайым келининдей эмес кызындай болуп бергим келчү. Мени барчылыкта чоңойду дегенсип, кечинде жумуштан келатып ар кайсы нерсени алып келчү. Апа булар деле желбейт жөн эле акчаңызды сарптап жатасыз десем "жегой балам, менде экөөнөн башка байлык жок" деп койчу.

НАРИСТЕ

Арадан билинбей бир жыл бат эле өтүп кетти. Эмнегедир биз балалуу болбой жаттык. Мен ар кайсы дарыгерге барсам деле жыйынтык болгон жок. Баардык дарыгер эле баары жакшы болот деп жатышты. Бирок, Талгат аябай наристелүү болууну энсеп турганын көрүп өзүмдү күнөөлү сезчүмүн. Үйдө отура бергенден тажап мен да кайын энем иштеген сехке топчу кадап орноштум. Башында аябай кыйналдым. Себеби, жумуш оор. Көз майың кетип иштегенин менен акчасы аз. Жолдошума көрсөтпөй апам байкуш атаман алып мага акча берет. Эне да мага боору оруп, "ай кызым куурадын" деп калат. Мен сыр билгизбей баары жакшы деп кутулам. Эне жүрөгүн алдай албайт экенбиз. 

ИЧКИЛИК

Жумушунун оордугунанбы же наристелүү болбой жаткандан уламбы Талгат эки күндүн биринде ичимдик ичип келет. Анын жан дүйнөсүндө эмне болуп жатканын билүү кыйын эле. Убакыт учкан куш дегендей. Экөөбүз бирге үч жыл жашап, балалуу боло албай жүрдүк. Ортобузда билинбей муздак аба желдеп турду. Анын мага болгон көңүлү суз болгондой сезилчү.

КЫРСЫК

2012-жылдын июль айында экөөбүз досторубуз менен көлгө эсалууга бара жатып жол кырсыгына кабылдык. Баарыбыз аман болгонубуз менен көбүнүн буту-колу катуу жабыркаган. А мен болсо белим деп эле тура албай кыйналып баштадым. Бир канча убакыттан кийин көзүмдү ачсам жанымда өзүмдүн апам отуруптур. Мени көрүп тактоно албай буркурап ыйлап жатты. Мен эч нерсе түшүнбөй апа мен тирүүмүн ыйлабаңызчы деп жаттым. Бир маалда Талгат бети-башы тытылган бойдон менин жаныма келип, "баары жакшы болот, мен сенин жаныңда түбөлүккө болом" деди. Деги айткылачы эмне болуп жатасыңар деген суроомо дарыгер "бүгүн белиңизге биринчи опперация жасалды" азырынча эч жыйынтык жок. Бирок, баардык нерсе Кудайдын буйругу менен" деди. Көрсө менин белиме эки сааттык опперация жасалыптыр. А мен ошол күндөн баштап кооз туфлилерди кийгенди, солкулдап бийлегенди, досторум менен сейилдегенди таптакыр унуткам.

СЫНОО 

Жараткандын сыноосубу билбейм? Бирок, мен ооруканадан эле ата-энемдин үйүнө чыгып келдим. Себеби, кайын энем да, жолдошум да жумушта иштегендиктен мени караган адам жок эле. А мен кайрадан өз апамдын мойнуна жүк болдум. Башында жоддошум биз менен чогу жашап жүрдү. Анан кайын журтунан кысындыбы же баспаган аялынан тажадыбы алты айдан соң "апам жалгыз мен жанына барайын" деп кетти. Ошентип күн алыс мага келип кетет. Телефон чалсам албайт. Арадан бир жыл эки ай өткөндө "тагдыр экен экөөбүздүн жашообуз болбойт окшойт. Мен башка кызды жактырып жүрөм. Анын үстүнө ал кош бойлуу. Сен мени кечир экөөбүздүн ажырашканыбыз туура болот " деди. Уккан кулагыма ишенбей ызаланганыман ыйлап туруп бердим. Ал мага өлгөндүн үстүнө көмгөн кылды. Жашагым келбей өлүп алууну ойлонуп жүрдүм. Бирок, апамды кыя албадым. Убакыт адамдын жарасын айыктырат экен. Менин да жүрөгүмдөгү жарам айыкты. Бирок, сүйүү дегенге ишенбей калдым. Аял киши оокат кылып, бала төрөп, иштеп жүргөндө керек болгону менен минтип мага окшоп калганда таштап кетишет экен. Ошол бойдон арадан канча жыл өтсө дагы бир кайрылып келген жок. А мен убакыттын өтүшү менен ансыз жашаганды үйрөндүм. Азыр менде баары жашы. Жараткандын мага берген сыноолорун жеңдим. Урматтуу айымдар өзүңөрдү сүйүп, өзүңөргө кам көрүүнү унутпагыла дээр элем. 

Булак: Ачык саясат

Последние новости