www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облустук соту райондук соттун чечимин жокко чыгарып, Мискенбек Сармановду актаган өкүм чыгарды. Бул тууралуу акыйкатчы институтунан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Акыйкатчыга Сокулук районунун Мискенбек Сарманов аттуу тургуну кайрылып, аны Сокулук районунун соту күнөөлүү деп таап, Жоруктар боюнча кодексиинин 119-беренеси (майда бейбаштык) боюнча 30 миң сом сом айып пул салган чечиминие макул эместигин билдирген. Чечим менен таанышып жаткан учурда да калпыстыктар чыккан. Атап айтканда, өкүмдүн кириш бөлүмүндө Мискенбек Сарманов мурда соттолгон эмес деп жазылса, андан аркы жазууда Бишкек шаардык сотунун 2019-жылдын 22-январында чыккан өкүмү менен мурда соттолгон деп көрсөткөн.

Өкүм менен таанышкан арыз ээси андагы мурда соттолгон дегенди окуп, райондук соттун кызматкерлерине барса, алар эмне эле ызы-чуу чыгарып жатасыңар, бул соттун жаңылыштыгы, “техникалык ката” деген кебелбеген жоопту айтышкан.

Акыйкатчы Т. Мамытов М. Сармановдун арызын угуп, судья тарабынан кетирилген техникалык ката адам тагдырына балта чабаарын белгилеп, арызды өз көзөмөлүнө алган. Ал тараптан судьянын жоопкерчилигин кароо, ошондой эле Чүй облустук соту экинчи инстанцияны кароо учурунда Сарманов Мискенбекке карата сот Т.М. тарабынан “ойлонуп табылган” жагдайды (кетирилген катаны) эске алуу боюнча кайрылуу КР Соттор кеңешинин тартип комиссиясына жөнөтүлгөн.

Жакында Чүй облустук сотунун кылмыш-жаза иштери боюнча соттук коллегиясы Сарманов Мискенбекке карата жазык ишин карап, Сокулук райондук сотунун буга чейин чыгарылган өкүмүн жокко чыгарып, Сарманов Мискенбекти актоо чечимин чыгарды. Сот отурумуна Акыйкатчынын Чүй облусундагы өкүлчүлүгү байкоо жүргүздү.

Ал эми техникалык катага жол берген Сокулук райондук сотунун судьясы Т.М карата тартиптик өндүрүш козгоо тууралуу КР Акыйкатчы аппараты тарабынан КР Судьялар кеңешинин тартип комиссиясына сунуштама жазылган.

Арыз ээси Мискенбек Сарманов Сокулук райондук сотунун судьясы чыгарган өкүмдүн айынан моралдык зыянга учурадым деп, судьянын үстүнөн кайра сотко кайрылуу ниетинде.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости