www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Смоленск шаарынын темир жол бекетинен кыргыз жараны кармалды. Ал "Таблиги жамаат" диний агымынын мүчөсү экенин орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кыргыз жараны чек арадан өтүү эрежелерин бузган. Аны Федералдык коопсуздук кызматы менен чек ара кызматкерлери кармаган. Текшерүү учурунда Кыргыз жараны Орусияда тыюу салынган "Таблиги жамаат" агымынын мүчөсү экени аныкталган. Ошондой эле ал бир канча жылдан бери Москвадагы мусулмандарга бул агым боюнча даабат жүргүзүп келгени маалым болгон.

Эми ал соттун чечими менен Орусиядан депортацияланат деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда "Таблиги жамаатка" тыюу салынган эмес. Ал эми Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Кытай жана Тажикстанда сот тарабынан бул диний уюмдун ишмердигине тыюу салынган.

"Таблиги жамааттын" негизги талаптарына даабатка чыгып туруу кирет. Эреже боюнча, кыймылдын ишин жолдоочулар айына бир ирет 3 күнгө, жылына бир ирет 40 күнгө жана өмүрүндө бир ирет 4 айлык даабатка чыгышы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости