www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Япониянын Кыргыз Республикасындагы кайрадан дайындалган Элчиси Сигэки Маэдадан Ишеним грамоталардын көчүрмөсүн алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Министр Сигэки Маэданы Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктады жана анын дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Туруктуу достук колдоосу жана Кыргызстанда ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан долбоорлору үчүн япон тарабына ыраазычылык билдирди.

Тараптар эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин, экономикалык кызматташтыкты активизациялоо боюнча чараларды талкуулашты. Япон инвестицияларын Кыргызстанга тартуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости