www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Стамбулдун аэропортунан Кыргызстанга учканы жатып, дайынсыз болуп кеткен 24 жаштагы Айчүрөк Данияр кызы табылды. Кыздын атасы, Айчүрөк Бишкекке аман-эсен учуп келе жатканын билдирген.

Эске сала кетсек, Жийде Зоотбекова аттуу Фейсбук колдонуучу 4-октябрда Данияр кызы Айчүрөккө издөө салып, коомчулукту жардамга чакырган болучу.

Зоотбекова жазгандарына ылайык, Айчүрөк 1-октябрда кечки саат 11де Франкфурттан Стамбулга учуп келген. Эки сааттан кийн Бишкекке учуп, 2-октябрда эрте менен “Манас” аба майданына конмок.

Бирок, Айчүрөк Стамбулдагы паспорттук көзөмөлдөн өткөн эмес. Анткен менен видеобайкагычка түшүп калган кадрларга ылайык ал 23:20да Стамбулдагы жаңы аэропортто болгон. Ошондон кийин анын эмне болгону, кайда экени белгисиз болучу.

Мындан улам Данияр кызынын жакындары ТИМге, Түркиянын Кыргызстандагы жана Кыргызстандын Түркиядагы өкүлчүлүктөрүнө кайрылышканы айтылган.

Айтмакчы, ошол учурда Айчүрөк депрессиялык акыбалда болгону дагы эскерилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости