www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Санарип өнүктүрүү боюнча мамлекеттик кызматка караштуу "Атайын байланыш" кызматындагы жапырт иштен алуу боюнча арыз каралууда. Бул тууралуу маалыматты сот мекемесинин басма сөз кызматы тастыктады.

Сотко арыз менен кайрылгандардын бири, аталган мекемеде атайын тапшырма боюнча фельдъегерь болуп иштеген Руслан Жүзүмов 2020-жылдын октябрында бир күндө алты адам жумуштан алынганын, алар өз жумуш ордуна кайра коюу тууралуу талап коюп жатышканын айтууда:

“Айлык боюнча 2017-жылдан берки карызды жоюу талабы коюлган жыйындар үч жолу өткөн. Үчөөндө тең жетекчилик биздин талаптарды укпай койгон. Санарип өнүктүрүү боюнча мамлекеттик кызматка кайрылсак, Экотехинспекцияга же прокуратурага жазгыла дешти. "“Атайын байланыш" кызматында коррупция бар, каржылык мыйзам бузуулар бар, төрт жылдан бери төлөнбөйт" деп 12-октябрда жазсак, 13-октябрда “Эмгек кодексинин” “ишенимди жоготуу” беренеси боюнча жумуштан алып коюшту. Эч негизсиз. 2018-жылы кредитордук карыз 6,5 миллион сом болсо, ишкананын жаңы жетекчиси Нурлан Осмоновдун тушунда, 2020-жылдын сентябрында 11 миллион сомго жеткен”.

Жүзүмов аларды жумуштан алуу коронавируска байланыштуу өзгөчө абал жарыяланган учурда болгонун, бул мыйзамсыз экенин белгиледи.

Мекеме жетекчиси Нурдан Осмонов айыптоолорду четке кагып, айлык боюнча карыз жана жемкорлук жок экенин билдирүүдө:

“Эч кандай коррупция жок. Орун талаш болуп эле кирип келишкен. 6-октябрда менин кабинетиме кирип келип, “Болду, кетиңиз” деген талап коюшту. Бул жер аскердик ишкана болсо, бүт баары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аркылуу өтсө, ар ким өзүнүн жумушун билиши керек да. Ар бир адам өзүнүн ордун билиши керек. Мен өзүм Оштон болгондуктан “түндүк-түштүк” болду. Каржылык эч кандай маселе жок. Эсеп палатасы жыл сайын текшерет. Мен келгениме эки жыл болду. Эки жолу Эсеп палатасы текшерди, ага чейин да текшерип жүргөн. Болгону, мен ордумду бошотуп, чыгып кетишим керек экен. Ошону талап кылышты. Комиссия карап чыгып, “Эмгек кодексинин” ишенимди жоготуу тууралуу 83-беренесинин негизинде кетирүү боюнча жыйынтык чыгарды, мен кол койдум, себеби биз баалуу жүк менен иштейбиз”.

Осмоновдун белгилешинче, өзгөчө абал учурунда кызматкерди “ишенимди жоготуу” беренеси менен жумуштан алууга мыйзам жол берет.

Бул маселе боюнча соттук териштирүү 2020-жылдын декабрынын ортосунда башталган. Райондук сот билдиргендей, кезектеги отурум 26-мартта болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости