www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэри Абдыкадыров муниципалдык кызматкерлердин социалдык тармакта фото-видео чыгарууга, бөлүшүүгө, лайк же дизлайк басууга тыюу салды. Бул тууралуу маалыматты Атай Бейшенбек өзүнүн социалдык тармагына жазып чыкты.

«Ар бир адам өз ой пикирин айта ала турган коом курабыз деп келгенбиз! Мына эми Бишкектин жаңы мэри Абдыкадыровдун командасы баардык маселе бүтүп калгансып, социалдык тармактан лайк-дизлайк, пост-репост аңдып отурмай болду!

Уят, бетиңерге айта албаган анча мынча кызматкерлер социалдык тармактан өз көз караштарын кээ бир маселе боюнча айтып турчу эле эми аларды тыйып эмне табасыңар! Андан көрө ошол дизлайк болбой тургандай иштейли десеңер туура болот беле?

Критика жок өсүш болбойт дегенди түшүнөсүңөрбү же кол чаап мактап эле отуралыбы! Мэр эсине келбесе мындай кадамдары жарабайт!», – деп кошумчалаган Атай Бейшенбек.

Эске сала кетсек, Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарыны мэри. СССРдин кишиси. Мэр болуп келгени жарытылуу деле иш кылып агынан жарыла элек, колунан келбейт дагы. Буюрса, мэр болуп иштеп кеткен инсандардын сүрөттөрдүн катарынан орун алат.

Сайган чырпыгы өспөгөн, көлөкөнү сүйгөн Эмил Абдыкадыровдун колунан коко келбейт. Анткени, Абдыкадыровдун мээси 1990-жылдардан кийин токтоп калган. Бийликтин жоктон тапкан кадры ушул. Көзүндө нуру, билегинде күчү, заманбап ойлонгон кадрлары турса кайдагы союздун саркындыларынан сүйүүсү кетпей койду.

Садыр Жапаров деле кадр маселесине келгенде баягы, баягылардын таягы боюнча калды. Аман эле болгула, аман бололу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости