www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл жакшылары, анын ичинде байлар бардык эл үчүн жоопкер, жакшылар алсыздардын алсыздыгын, байлар кедейлердин кедейлигин билдирбөөгө милдеттүү деген нарк.

Сыргак Сооронкулов - санжырачы: Жакшыда жамандын сөз акысы бар, байда кедейдин өз акысы бар деген улууларга билген акылын айтып туруу, кичүүлөргө болсо аны угуу милдетин жүктөгөн. Турмуштагы каталыктын, кемчиликтин баары ушул жол менен оолгон.

Бейшенбек Бекешов: Бир жарым миң жылдык ислам тарыхында кедейлердин байларга каршы көтөрүлүшү, пугачёвщина, емеляновщина, революция деген сыяктуу эч нерсе жок. Себеби, ислам коомунда байдын байлыгында кедейлердин да акысы бар деген принцип иштеп, байлар тапканын дайыма кедейлер менен бөлүшүп турган.

Кыргыз андан да терең кетип, байдагы кедейдин өз акысын эле айтпай, оозунда сөзү бар кишиде сөз сүйлөөгө али укугу жок, же оюн айта албаган кишинин сөз акысы, акыл акысы бар деген эрежени киргизиптир...

Карыбек Байбосунов - саясат таануучу: Жаман айта албаган нерсени жакшылар айтат, жамандын акылы жетпеген нерсени жакшылар айтат. Кыргыз сөзү өтпөгөн, бирөө эсептешпеген кишини жаман деп коёт. Тежиктерди, кемчонтойлорду да жаман деп коюшкан. Жаман тууган деген да түшүнүк бар.

Кыргыз айтчу жакшысын асырап алалы, жаманын тарбиялап алалы деп. Байды бай кылган кедей. Keдeйдин бaйдa өз акысы бар экени болсо талашсыз. Биздин байлар болсо бузулду.

Мамлекетке кош бухгалтериясынан чыккан бир майда нерсени берип коёт. "Чёрныйларга" да өз үлүшүн аргасыз берип коёт. "Кызылдарга" да берет. Ошону менен элин ойлогон бай жок калды.

Бейшенбек Бекешов: Жаманды деле кыргыз жаман деп бетине басып айткан эмес. Керегем, сага айтам, келиним, сен ук, - дегендей кылып аярлап, кадырын кетирбей айткан. Азыркы жамандар деген кимдер, алар жакшынын акылын кантип пайдаланышы керек? Кыргыз коомунда акыл акылдуунун эле энчиси эмес, жалпы коомдун энчиси эмеспи.

Сыргак Cооронкулов: Кыргыз илгери бирөө менен таанышканда жакшың ким, кимдерге таянып жашайсыңар деп сурачу. Жакшы болгону эле акыл берип турганы. Иштесе кедейлери иштейт эле, байлары башкарат эле, бирок казан аягы бир, чогуу болот эле.

Кедейлердин бүтүн жүгү байдын мойнунда болот эле. Аял алып берет эле, үй көтөрүп берет эле. Бай менен кедейдин бириккени - бул мамлекет. Мамлекетти ушул экөө түзүп турат да. Илгери байдын байлыгы ачык болот эле.

Жер үстүндөгү байлык негизи ачык болот. Бай менен кедей ымалалашканга оңой болот. Жер астындагы байлык - бул эзели кедейге тийбеген байлык. Кыргыздын байлыгы бүт азыр чет өлкөгө кетип жатат.

Кыргыздын жаштары кул болуп чет өлкөдө жүрөт. Чырактай болгон кыздарыбыз чет өлкөгө барып эрге тийип жатат. Булар ата-энеге жакшы карайт экен деп сүйүнүп алып жатышат. Орустун кыздары ата-энени карайт беле, мисалы.

Карыбек Байбосунов: Адамдын акысын жеген зор күнөө. Совет убагында куруп койгон чарбаларды бүлүнтүп, ата-энелерибиздин акысын бир жедикпи. Андан кийин эл түзүп берген нерсени өзүнө буруп алып жеген бийликтин системасы түзүлдү. Ошонун айынан коррупциялык түбү чирик бийлик келип чыкты.

Эгер ушинтип элди 95 пайыз жакырлантып бир ууч адам байый берсе алардан сурак бу дүйнөдө да болот революция түрүндө, анан о дүйнөдө да болот. Акыркы жылдарда сыртка кеткен кыргыздын эсебинен 750-800 миң кыргыз төрөлбөй калды.

Ошолордон келип жаткан акча ошончо туулбай калган кыргыздын кунун жабабы? Мамлекетте элдин акысы бар экенин унутуп, бизди мигранттар багып жатат деген калпыс теория менен өздөрүн алаксытып жатышат. 16-жылкы Үркүндөн бери ар кандай себеп менен төрөлбөй калган кыргыздын саны 19дан 22 миллионго чейин жетет.

Элдин акысын жегендин эң башы - бул анын тукумунун азайганы. Ошонун баары эл башына ушунун эч нерсесин билбеген адамдар келгенинен.

Миррахим Токтогулов: Эгер ушул темп менен кете берсек ушул акыл-парасаттын баарын берээр улуу муун менен ой-туюмунда эч нерсеси жок кичүү муундун ортосундагы байланыш үзүлөт. Азыркы жаштар ал турсун комуз күүлөрүн да укпайт. Анан сөздү кантип угат эле? Мындай тарбияны бала бакчадан баштоо керек го.

Бейшенбек Бекешов: Тарбия сөзү илгертен эле элдин баары жата калып укчу сез болгон эмес. Аны көп учурда күчкө салып угузууга туура келген. Бирок илгери чечимди жакшылар, акылдуулар кабыл алат эле да.

Бир мисал. Кечээ санариптик телекөрсөтүүгө өтүү боюнча өкмөттүн чогулушу болду. Жооптуу кызматтарда эле олтурган кыргыздар чет элдик коммерциялык каналдарды алып келип, биздин мамлекеттик каналдарга атаандаш кылуу амалын жасап жатканы көрүнүп турат.

Орустун "Ямал" деген спутниктеги каналы бар, мисалы. Анда диний каналдар да, таанып-билүүчүлүк, айыл чарба, деги койчу, бардык түрдөгү каналдары бар. Анын ичинде бир-эки накта бузуку каналы бар.

Үйүнө коюп берсең бала бакыраң эч убакта жакшысын көрбөйт. Көз жаздым болгондо дароо эле бузуку каналды басат. Адамдын менталитети ошо болот тура. Биздин өкмөттүн билермандарынын да максаты ошо - ошентип акча табуу.

Муну тыйып койсо болот эле да жакшылар, акылдуулар. Мисалы, Кытайда спутник табагын койдурбайт. Иранда да койдурбайт. Андан аларга жаман болгон жок. Кытай мына дүйнөгө экономикалык экспансия жасайм деп турат. Маселенин баары бизди жакшылар башкарбай жатканында го.

Сыргак Сооронкулов: Азыр жетим балдарды чет өлкөлүктөргө сатуу тууралуу маселе каралып жатат. 11 миң жетим бар экен. Мен үч жашымда энеден, 10 жашымда атадан калган Советтер Союзунун жетимимин.

Азыр менин тукумум 60 киши болду. 11 миң жетим 66 миң киши, болгондо да Манастын тукуму болбойт беле. Байлар, жакшылар ушул тукумду сактап калууга күч-аракетин жумшаса кандай жакшы болот эле.

Бейшенбек Бекешов, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости