www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалган жарандык активист Атай Бейшенбектин бөгөт чарасын бүгүн, 17-апрелде карап, 20-июнга чейин камакта калтырды.
Иш жашыруун деген макам алдында каралып жаткандыктан соттук процессге ЖМК өкүлдөрү киргизилген жок.
Буга чейин Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын, мурдагы депутат Асия Сасыкбаеванын, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеванын, мурдагы элчи Мамбетжунус Абыловдун, «Бириккен демократиялык кыймылдын» мүчөсү Улукбек Маматаевдин, активист Чыңгыз Капаровдун, активист Таалайбек Мадеминовдун бөгөт чарасы каралып, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгышкан.
Эскерте кетсек, 2022-жылдын октябрь айында башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20дан ашык саясатчы жана активисттер жапырт камалган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.
Учурда алар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Онго жакыны ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.
Булак: NazarNews.kg