www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Саламаттык сактоо министринин орун басарлары прессконференция беришти. Бирок алардын былык иштери арбын экени, иликтенип жатканы да ачыкталып калды...

- Министр чет өлкөгө иш сапары менен чыгып кеткенде биригип пресс-конференция бергендери өтө көп суроо жаратты. Өзүнүн бетине айтып, же министрлер кабинетинин төрагасына жазылып, пикир алмашпай, саясый шоуга айландыргандары – ал кишилердин аркасында күмөн жаратчу иштер бар экенинен кабар берет.

Ошондой эле министрдин берген маалыматына ылайык, өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерин так аткара албагандыгына байланыштуу маселелер арбын. Алымкадыр Бейшеналиев Европадан кайткан иш сапарынан кийин жумуштан алынышмак экен.

Асыресе кызматын сактап калуу, буга чейинки жүргүзгөн былгытма иштерин саясатташтыруу максатында атайын уюштурулган жагдай экени ачыкталып калды. Демек, бул адамдардын үстүнөн текшерүү жүргүзүлүп, баардык маалыматтар ачыкталып, мыйзам алдында жооп берүүлөрү керек.

Пандемимядан баштап башка болгон иш аракеттерине укуктук баа берилиши зарыл. Алардын алдындагы функционалдык милдеттенмелердин, коюлган пландын аткарылыш мөөнөттөрүнүн баарын карап чыгып, жоопко тартыш керек деген ойдомун.

- Саламаттык сактоо министрлиги өзүнчө эле чырмооктой го... Жандырмагы чечилеби?

- Саламаттык сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан иш аракеттер, албетте, чырмооктун чырмоогуна айланыптыр. Бул жерде биринчиден, башкы дарыгерлер менен жүргүзүлгөн мурунку иштер өзүнчө бир багытта болду.

Фармацевтикалык компаниялардын арасында жүргөн мафия, медициналык билим берүү жаатындагы ЖОЖдор, колледждер бир ууч адамдардын бизнеси. Ошондой эле медициналык мекемелерди басып алышып, менчиктештирүүгө аракет кылган топтор ж.б. өтө көп кызыкчылыктар айкалышып, бир уюкка чогулуп алышкан.

Бул чырмоокту чечиш үчүн коомчулук сурооталап коюш керек. Ишти аягына чыгарганча колдоп бербесе, башка министрликтер дагы аракет кылышпайт. Ошондуктан муну колдошубуз керек. Саясый чечим, коомдук талап болсо, бул иштер аягына чыгат.

- Бул күрөш, мафиялардын куйругун басуу коопсуздугуңа коркунуч жаратпайбы?

- Жеке коркунучтар боюнча буга чейин да сөз болгон. Моралдык, психологиялык, физикалык жактан дайындангам. Кандай аракеттер болбосун туруштук берүүгө даярмын. Себеби, ушунча жылдардан бери талкаланып келген системаларды эми иретке келтирчү учур келди.

Саламаттык сактоо министрлигине келдик, эми билим берүүгө өтөбүз. Курулуш ж.б. баардык тармактарда жүргүзүлүп жаткан башаламандыктардын баарына чекит коюу абзел. Коомчулук ушул максаттардын алдында биригүүсү зарыл.

- Министр өзү 300 менчик клиникалар тууралуу айтып, коопсуздугу тууралуу да сөз кылды. Эртеңи кандай болот?

- Министрдин эртеңи кандай болорун айтуу али эртелик калат. Анткени ал кишинин жүргүзүп жаткан иш аракеттери жыйынтыкталышы керек. Эгерде анын кандайдыр бир коррупциялык схемаларга, мыйзам бузууларга өзүнүн тийешеси болсо, биз биринчилерден болуп аны жоопко тартууну талап кылабыз. Бүгүнкү күндө биз анын жүргүзүп жаткан иштерин көрүүдөбүз. Кандай гана аттуу-баштуу олигархтарга, мафиялык системаны түзүп алган адамдарга каршы туруп жатат.

Андыктан биз ал кишини колдоп, демилгелерин чогуу жүргүзөлү деп жатабыз. Алымкадыр Бейшеналиевдин эртеңки келечеги өзүнүн ишмердүүлүгүнөн, артка кайтпас аракеттеринен көз каранды.

Булак: Азия News гезити 

Последние новости