www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Чоң жетинин" мүчөлөрү Украинанын каржы системасын чыңдоого $19,8 млрд бөлүүнү убада кылышты. Бул тууралуу уюмга кирген өлкөлөрдүн каржы министрлеринин жолугушуусунан кийин жарыяланды.

"Биз согуш учурунда жана андан кийинки мезгилде да Украинанын кызыкчылыктарын коргоону улантабыз жана зарылчылыкка жараша көбүрөөк аракет кылууга даярбыз", - деди "Чоң жетинин" каржы министрлери жана борбордук банктын жетекчилери.

Украинанын эсебине караганда, мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысына жана администрациянын иштеши үчүн айына болжол менен 5 миллиард доллар керек.

Жолугушууда Орусияга карата жаңы санкцияларды киргизүү маселеси дагы талкууланды.

"Чоң жетиликтин" өкүлдөрү Орусиянын энергетикалык экспорттон түшкөн кирешесин кыскартуу, анын ичинде этап-этабы менен эмбарго киргизүү, орус мунайынын баасын чектөө үчүн сатып алуучулар картелин түзүү жана орус мунайынын импортуна салык салуу сунуштарын карашты.

"Чоң жети" уюмуна (G7) АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия, Италия жана Жапония кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости