www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы министр Кулубаев эмнеге Түркияны сындаган?

Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинде «Сапат» Гүлендин карамагында турганда анын бүтүрүүчүлөрү Түркияда кызматка алынбашын билдирди. Түркияны тышкы иштер министри Кулубаев кызматына орношоор менен жүрөгүн түшүргөн. Бул министр көчөдө ушак айтып жүргөн катын-калачтарга окшоп министр экенин унутуп ушак айта баштаган. Ал килтейген Түркияны каралап Тажикстанга «Байрактарын» сатып атат деп кинелеген. Бирок УКМК тарабынан бул жалган сөз экени тастыкталып чыккан. Министр болсо ишин улантып жатат. Лавров ушинтип тетири сүйлөсө, ошол замат отставкага кетмек.

Эсеп палатасы 2019-2020-жылдардагы бюджеттин аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүп 103 809 500 сом талаага сапырылганын тастыкташты. Ушул министрликке караштуу «Кыргыздипсервис» аттуу мамлекеттик ишкана бар, бул ишкана эмнеге манчыркаганын ким билет жүздөгөн миллион сомун бухгалтердик эсебинде байкамаксан болуп көрсөтүшкөн эмес. Эсеп палатасы эсептеген соң дебитордук карыздарына кийирүүгө мажбур болушту. «Кыргыздипсервис» мамлекеттик ишканасы 227 100 сомго 5 машинаны ремонттон өткөзүп дешкен, эми алар ремонттон өткөздүбү же кылт этип сугунуп коюштубу ким билет?

Бюджеттин резерви бардыгы 13 523 600 гана сом болгон.ТИМдин 2020-жылдагы балансында пайдаланбаган бюджеттик каражаттар 2020-жылдын 31-декабрына 12 266 300 түзгөн, бул каражат кайдан чыкты?  Бул министрликти 2020-жылдын 14-октябрынан Бабанов койдурган Руслан Казакбаев жетектеп келди, ал эми «Кыргыздипсервис» мамлекеттик ишканасынын Башкы директору 2021-жылдын майында Түркмөнстанга элчи болуп дайындалган Талант Султанов жетектеп келген.

Мамлекеттик бюджетте ашыкча жүктөрдү алып,тиешелүү гана пункттар менен парламенттен өткөнү турат. Бул абдан кубанычтуу нерсе, анткени "Кыргыздипсервистин" мурунку мамлекет башчылары дайындап кеткен Башкы директору Айнура Садырбековнага окшогондор мамлекеттик менчикти жеке менчикке айлантып көнгөн. "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын 540 АG жана 299 AE кызматтык машинасын көптөн бери бул ишканага тиешеси жок адам айдап жүргөнү элге таанымал болуп бүттү. Бул адам Талант Шаршеев ал эмгек, социалдык жактан камсыздандыруу жана миграция министрлигинде башкармачылыктын начальниги, жөн кызмат эмес. Ал жакта министр болуп келген Кудайберген Базарбаев катуу көзөмөлдүккө алгандыктанбы өз кызматтык машинасын колдонуудан качып "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Айнура Дубанаеванын 540 АG жана 299 AE кызматтык машинасын башынан колдонуп көнүп калган.

Анткени, себеби да бар "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Айнура Дубанаева Талант Шаршеевге сүйүктүү жубай болгондон тышкары кызматтык автомашиналарга мунайзатын өзү бөлөт. Ай сайын мамлекеттин эсебинен 400 литрден ашык мунайзаты чыгымдалат. Начальник Талант Шаршеев мейли бир айдамактан миң айдасын, бирок ушул мамлекеттик автоунааларды айдай турган айдоочулар да мамлекеттик бюджеттин эсебинен айлык алышат да. Бул мамлекеттин эсебинен камсыздалган кызматтык машиналарды Талант Шаршеев «Өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип» чартаңбай тээп айдагандыктан айдоочулар кантип айлык алышат же "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Айнура Дубанаева өзүнүн күйөөсүн айдоочу кылып каттатып алганбы? Анда Талант Шаршеев эмгек, социалдык жактан камсыздандыруу жана миграция министрлигинде башкармачылыктын начальниги болуп иштейби же аялынын «шопуру» болуп иштейби? Деги "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Айнура Дубанаева мамлекеттик бюджетти мүлжүп канча акча алат?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости