www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган активист Атай Бейшенбек өзүнүн абактагы сүрөтүн жарыялап өлкө жетекчилигине кайрылуу жасады.

Кайрылуунун тексттин өзгөртүүсүз беребиз.

«Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилиги- өлкө башчысына жагалдануу максатында мыйзамсыз тинтүү аракеттерин жүргүзүп , өзүлөрү “кийин силер бийликке келип калсаңар , жакшылыктарыбызды унутпагыла” - деп, убактылуу колдонууга телефон берип, кайра аны алып, көрсөтмө натыйжалуулукка жетүү максатында мени ШИЗОго жабышты. Толук иликтөө жүргүзүп, абалды териштирүү менен чечим кабыл алгандын ордуна формалдуу жана көнүмүш ыкма менен өзүлөрүнүн бизге жагалдануу аракеттерин баланстоо тактикасын көрүп, саясатташтырууга өтүштү.

Анткени бизге сырттан телефон киргизүү мүмкүн эмес. Кирип чыккан сайын, кылдат атайын апарат аркылуу тинтүү кылат жана камера оозунда бир эмес, эки видеокөзөмөл турат.

Бул сөздөрүмдү Кемпир-Абад боюнча камалгадардын көбү тастыктап берет.

Талтайып, интрига жасаган жетекчилерге коом жана өлкө башчысы баа берип, чечим кабыл алуусу керек. Ушундай жетекчилердин, чиновниктердин айынан баардык иштер, маалыматтар бурмаланып “вечный саясий кризиске” ыкталып отурганыбызды белгилейм», - деп айтылат кайрылууда.

Эскерте кетсек, Атай Бейшенбектин камерасынан тинтүү учурунда уюлдук аппарат табылып, ал үч күнгө айып изоляторго (ШИЗО) жабылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости