www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарандык активист Атай Бейшенбек уулу бүгүн, 17-сентябрда чет жактагы кыргызстандыктарга чукул кайрылуу жасады.

Активист өз кайрылуусунда жарандарды БУУнун алдында тынч акция өткөрүүгө чакырды.

"Бардык чет жактагы кыргызстандыктарга чукул кайрылуу! 

Достор, баарыбыз кан жутуп, агрессор Рахмон тынч жаткан элибизди оор аскерий куралдары менен аткылап басып киргенин, эл аралык гуманитардык бир дагы талап-нормаларды уруп ойнобой карыларыбызды, уул-кыздарыбызды аткылап өлтүрдү! 

Каза болгон жоокерлерибизге мыкаачылык менен мамиле кылгандарын видео-фотого тартып шылдыңдагандарын көрүп, бул агрессорлордун алдын-ала пландалган иш аракеттери экенине ынандык. 

Достор, биздин УКМК айткандай эч бир өзгөчө белгилери жок куралданган жарандардын дагы баскынчылык, мародердук кылып айылдарыбызга кирип келгенин видео-фото фактылар менен тастыктап бердик, эми ошолорго эл аралык коомчулук, уюмдардын көңүлүн буруу сиздердин колуңуздарда!

Мекендештер, сиздер кайсыл өлкөдө болсоңуздар да, уюшулуп, ошол мамлекеттин акция, митинг өткөрүү тартиптерин сактоо менен БУУнун коопсуздук кеңешин Кыргызстан менен Тажикистан чек арасында болгон кырдаалды кароого чакыруу максатында ошол мамлекеттеги БУУнун алдында тынч акция уюштуруңуздар! 

Азыркы заманда курал менен эмес дипломатия-сүйлөшүү менен маселе чеччү жолду биз тандаганыбызды даңазалаңыздар! Эл аралык коомчулук Рахмондун агрессиясына реакция кылып, комиссия түзүп акыйкатты орнотууга салым кошушу керек!", - деп айтылат анын кайрылуусунда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости